+996312621861 info@tourism.gov.kg

«Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү» программасы долбоордук сунуштардын сынагына катышууга каттоо жарыялайт

 

 

 

«Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү» программасы долбоордук

сунуштардын сынагына катышууга каттоо жарыялайт

«Аймактарды комплекстүү өнүктүрүү» программасы Кыргызстандын Жалал-Абад облусунда ишин алып барат. Программа Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit (GIZ) GmbH уюму тарабынан аткарылып, Европа Биримдиги жана Германиянын экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү Федералдык министрлиги менен биргеликте каржыланат.

Программа элет калкынын киреше мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртууга багытталып, экономика жана социалдык өнүгүүнү максаттаган жергиликтүү демилгелерге түрткү берүүнү көздөйт. Программа жергиликтүү жарандык коомду, өндүрүүчүлөрдү жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарын ортосундагы жигердүү кызматташууну күчөтүү аркылуу айыл чарба жана туризм секторлорунун мүкүнчүлүктөрүн бекемдейт. Аталган программа Жалал-Абад облусун жана аны менен чектеш болгон облустарды камтып бири-бири менен байланыштуу үч натыйжага жетишүүнү максат кылат:

Күтүлүүчү 1-натыйжа дыйкандардын жана туризм тармагында кызмат көрсөтүүчүлөрдүн уюштуруучулук жана кызматташуу жаатындагы деңгээлин жакшыртуу менен өндүрүш, туристтик кызмат көрсөтүү жана маркетинг чөйрөлөрүндөгү иш аракеттерин координациялоого багытталат.

Күтүлүүчү 2-натыйжа  калктын айыл чарба өндүрүшүнө, туризмге жана башка керектөөлөрүнө байланышкан кызматтардын санын көбөйтүүнү жана сапатын жакшыртууну көздөйт.

Күтүлүүчү 3-натыйжа социалдык-экономикалык өнүгүүгө керектүү шарттарды жакшыртууга өбөлгө болуучу иш-чараларды жана инвестицияларды биргелешип жүзөгө ашырууда жеке жана мамлекеттик секторлор, ошондой эле жарандык коом ортосундагы туруктуу диалогду түзүүгө багытталат. Программа жарандык коомдук уюмдарды жана бейөкмөт уюмдарды долбоордук сунуштардын сынагы аркылуу кызматташууга чакырат.

Долбоордук сунуштардын биринчи сынагы айыл чарба жана туризм багытында кызмат көрсөтүүдөгү кошумча нарк чынжырчасын өнүктүрүүгө багытталып төмөндөгүдөй мүнөзгө ээ болот:

  • Айыл чарбасындагы жеке өндүрүүчүлөрдүн жана топтордун кошумча нарк чынжырчасына байланышкан экономикалык ишмердүүлүктөрүн ишке ашыруудагы аракеттерин, ошондой эле мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү колдоо. Бул иш аракеттердин натыйжасында кошумча нарк чынжырчасына маанилүү болгон кызмат көрсөтүүчүлөр үчүн чынжырчалардын өнүгүүсүндө туруктуу түзүм пайда болот. Сынактын жеңүүчүлөрү андан ары долбоордун инвестицияларын убактылуу башкаруу менен окууларды уюштуруп жана кеңеш берүү кызматтарын көрсөткөн туруктуу уюмдун сүрөөнчүлөрүнөн болуп калары күтүлөт.

 

  • Туризм секторунун атаандаштыгын жогорулатуу максатында азыркы учурда кошумча нарк чынжырчасынын алкагында иштеп жатышкан туризм тармагында кызмат көрсөтүүчүлөрдүн жаңы кызмат көрсөтүүлөрдүн түрлөрүн / турпакеттерди иштеп чыгуусун колдоо. Сынактын жеңүүчүлөрү бул ишке жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарын тартуу аркылуу катышуучулардын ортосунда туруктуу диалогду түзөт.

Долбоордук сунуштардын биринчи сынагына катышуу үчүн кызыккан уюмдар каттоо баракчаларын тапшыруулары зарыл.

Каттоо үчүн атайын каттоо формасын 2019-жылдын 29-апрелинин 00:00 саатына чейин «Каттоого талап» деген белги менен irdp-kg@giz.de электрондук дарегине жөнөтүүңүздөрдү өтүнөбүз. Форманы төмөнкү шилтемеден таба аласыздар https://eeas.europa.eu/delegations/kyrgyz-republic/61044/node/61044_ky

Каттоодон өткөн уюмдар маалымат алуу жолугуушусуна чакырылат жана 2019-жылдын 29-апрелиндеги жумуш күндүн аягына чейин кайрылуунун толук документтерин алышат.

Оставить комментарий

EnglishKyrgyzRussian