+996312621861 info@tourism.gov.kg

Ата-мекендик өнөктөштөргө жана өлкөнүн туристтик бизнес өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Ардак грамоталарын жана ыраазычылык каттарын тапшыруу аземи болуп өттү

2020-жылдын 29-декабрында, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин конференц-залында, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Н.Кадырбековдун катышуусунда, Кыргыз Республикасынын туризм чөйрөсүнө кошкон зор салымдары, ошондой эле COVID-19 коронавирустук инфекциясы пандемиясынын учурунда ишмердүүлүгү үчүн эл аралык, ата-мекендик өнөктөштөргө жана өлкөнүн туристтик бизнес өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Ардак грамоталарын жана ыраазычылык каттарын тапшыруу аземи болуп өттү.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан жарыяланган сынактын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын аймагындагы 10 туристтик объекттерге барган ички туристтерге “Кыргыз Республикасынын Ардактуу туристи” сертификаттары тапшырылды.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаменти 2020-2021-жылдарга кышкы туристтик мезгилин расмий ачылышын уюштурууга жана өткөрүүгө көмөктөшкөн жана Кыргыз Республикасынын туризм тармагын илгерилетүүгө жигердүү колдоо көрсөтүп жаткан өнөктөштөргө ыраазычылык сертификаттарын тапшырды.
_____________________________________________
29 декабря 2020 года в конференц-зале Министерства культуры, информации и туризма Кыргызской Республики с участием министра культуры, информации и туризма Кыргызской Республики Н. Кадырбекова состоялось награждение почетными грамотами и вручение благодарственных писем Министерства культуры, информации и туризма Кыргызской Республики международным, отечественным партнерам и представителям туристического бизнеса страны, внесшим весомый вклад в развитие сферы туризма Кыргызской Республики, включая деятельность в период пандемии коронавирусной инфекции COVID-19.
Также, по итогам конкурса на звание «Почетный турист», объявленным Министерством культуры, информации и туризма Кыргызской Республики вручены сертификаты «Почетный турист Кыргызской Республики» внутренним туристам, посетившим 10 туристических объектов на территории Кыргызской Республики.
Кроме того, Департамент туризма при Министерстве культуры, информации и туризма Кыргызской Республики вручил благодарственные сертификаты партнерам, оказавшим содействие в организации и проведении официального открытия зимнего туристического сезона на 2020-2021 годы и оказывающим активную поддержку в продвижении сферы туризма Кыргызской Республики.

Оставить комментарий

EnglishKyrgyzRussian