+996312621861 info@tourism.gov.kg

«Борбордук Азиядагы коомчулуктун мейкиндигинин туризм тармагында энерго натыйжалуулукту жана энергияны кайра өндүрүүнү өнүктүрүүгө жардамдашуу» долбоорунун колдоосунда жашыл туризмди өнүктүрүү максатында SWITCH Asia II ACTED Кыргызстан долбоорунун өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү

Туризм департаментинин аянтчасында, Европа биримдигинин SWITCH-Asia II Программасынын жана «Борбордук Азиядагы коомчулуктун мейкиндигинин туризм тармагында энерго натыйжалуулукту жана энергияны кайра өндүрүүнү өнүктүрүүгө жардамдашуу» долбоорунун колдоосунда жашыл туризмди өнүктүрүү максатында SWITCH Asia II ACTED Кыргызстан долбоорунун өкүлдөрү менен жолугушуу болуп өттү.
Бул инновациялык долбоор микрокаржылоо, бизнес-ассоциациялар, ошондой эле, туризм чөйрөсүндөгү майда, кичи жана орто ишканаларды колдоого багытталган, Кыргызстанда, Тажикстанда, Өзбекстанда жана Түркмөнстанда кызыкдар тараптарды кеңири аудиторияга тартып, жыйынтыгында туристтик чөйрөдөгү ишмердүүлүккө түз же кыйыр катыштыгы бар айыл жергесиндеги тургундарга экономикалык позитивдүү таасирин тийгизмекчи.
Долбоор окутууларды, кенештерди алуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү, ишмердүүлүктүн ативдүүлүгүн колдоо үчүн мамлекеттик-жеке диалогдук мейкиндикти түзүү жана микрокаржы алууга мүмкүнчүлүктөрдү да камтыйт.
ACTED долбоорунун иши келечекте “Көмүртектин чыгындыларын жокко чыгаруу, социалдык өзгөчөлүктү жокко чыгаруу, жакырчылыкты жоюуга” негизделген.
Туризм департаменти аймактык деңгээлде жашыл туризмди өнүктүрүү максатында өнөктөштөр менен бирге аталган инновациялык долбоорду ишке ашырууну улантат.
________________
 На площадке Департамента туризма состоялась встреча с представителями проекта SWITCH Asia II ACTED Кыргызстан в целях развития зелёного туризма при поддержке Программы Европейского союза SWITCH-Asia II и проекта «Содействие развитию энергоэффективности и производству возобновляемой энергии в секторе туризма на базе сообщества в Центральной Азии».
Этот инновационный проект нацелен на микрофинансирование и бизнес-ассоциации, а также микро, малые и средние предприятия сферы туризма, который будет вовлекать широкую аудиторию заинтересованных сторон в Кыргызстане, Таджикистане, Узбекистане и Туркменистане, что в итоге окажет позитивное экономическое влияние на жителей сельской местности, напрямую или косвенно вовлеченных в сфере туристской деятельности.
Проект, также включает тренинги, возможности для консультаций и создания пространства государственно-частного диалога для поддержки деловой активности и доступа к микрофинансированию.
Работа ACTED основана на видении будущего “Нулевого выброса углерода, нулевого социального исключения, нулевой бедности”.
Департамент туризма в целях развития зелёного туризма на региональном уровне продолжает реализовывать данный инновационный проект совместно партнёрами.

Оставить комментарий

EnglishKyrgyzRussian