+996312621861 info@tourism.gov.kg

Нарын облусундагы туризмди өнүктүрүү боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилери менен онлайн жолугушуу болуп өттү

Бүгүн, 2021-жылдын 25-февралында, туризм тармагын өнүктүрүү, колдоо жана туристтерди Нарын облусуна тартуу максатында, Туризм департаменти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Нарын шаарынын мэри, Нарын облусундагы туризмди өнүктүрүү боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жетекчилери менен онлайн жолугушуу болуп өттү.
Онлайн жолугушуунун жүрүшүндө, Нарын облусунун жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү ар бир райондун туризм дарамети жөнүндө баяндап, Нарын облусунун инвестициялык жагымдуулугун баса белгилешти. Ошондой эле, туристтик инфратүзүм өнүктүрүү, кэмпинг жана туристтик тейлөө борборлорун куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Бул албетте, аймакка инвестиция тартуу үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк.
Жолугушуунун алкагында ар бир аймактын туризм маселелери козголуп, аларды чечүү жолдору талкууланды.
Өз кезегинде Туризм департаментинин жетекчилиги онлайн жолугушуунун катышуучуларына ыраазычылык билдирип, көйгөйлүү маселелер комплекстүү түрдө чечиле тургандыгын белгилеп, Туризм департаменти биргелешип кызматташууга даяр экендигин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында, тараптар көйгөйлүү маселелерди чогуу чечүү максатында ушундай аянтчаны көбүрөөк уюштуруп турууну макулдашышты.
_______________________________
Сегодня, 25 февраля 2021 г. в целях развития, поддержки сектора туризма и привлечения туристов в Нарынскую область состоялась расширенная онлайн-встреча Департамента туризма с Полномочным представителем Правительства Кыргызской Республики в Нарынской области, мэрией города Нарын и руководителями местных государственных администраций по вопросу развития туризма в Нарынской области.
В ходе онлайн-встречи представители местных государственных администраций Нарынской области рассказали о туристическом потенциале каждого района и подчеркнули инвестиционную привлекательность Нарынской области, также выразили готовность выделении земельных участков для развития инфраструктуры туризма, включая, строительство кемпингов и туристских сервисных центров, что несомненно является отличной возможностью для привлечения инвестиций в данный регион. В рамках встречи были затронуты вопросы туризма каждого района и обсуждены пути их решения.
В свою очередь, руководство Департамента туризма поблагодарило участников данной онлайн-встречи, отметило комплексные подходы решения проблемных вопросов и выразило готовность Департамента туризма к совместному сотрудничеству.
По итогам встречи, стороны договорились по чаще организовывать подобные площадки в целях совместного решения проблемных вопросов.

Оставить комментарий

EnglishKyrgyzRussian