+996312621861 info@tourism.gov.kg

2021-жылдын 26-февралында, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Кыргызстандын туризм жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин катышуусунда Борбордук Азия өлкөлөрүнүн арасында туризмди өнүктүрүү боюнча виртуалдык аймактык тегерек үстөл болуп өттү

 2021-жылдын 26-февралында, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Тажикстан жана Кыргызстандын туризм жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин катышуусунда Борбордук Азия өлкөлөрүнүн арасында туризмди өнүктүрүү боюнча виртуалдык аймактык тегерек үстөл болуп өттү.
Борбордук Азиянын туризм жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жетекчилери тармакты мындан ары өнүктүрүү жана анын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттыруу максатында туризм тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты, ошондой эле, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн туризм дарамети жөнүндө презентацияларды жасашты.
Ачылыш сөзүндө Туризм департаментинин директору С.Шатманов Борбордук Азиянын жарандары үчүн Кыргыз Республикасында туризмдин приоритеттүү түрлөрү:
• Медициналык жана ден-соолук туризм;
• Укмуштуу окуялуу туризм;
• Маданий туризм, анын ичинде зыярат туризм;
• Экологиялык туризм (жашыл);
• Айыл туризми, анын ичинде жайлоо туризми экенин белгиледи.
Ошондой эле, ал Өзбекстан Республикасынын Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитетинин Борбор Азиядагы туризм боюнча Регионалдык жумушчу топ түзүү демилгесин колдой тургандыгын баса белгиледи. Бул жумушчу топ Борбор Азия өлкөлөрүнүн туризм жаатындагы кызматташтыгын өркүндөтүп, Борбор Азияда жайгашкан өлкөлөрдүн жарандары үчүн атайын туристтик пакеттерди түзүү жана маршруттарды өз ара жылдыруу, ошондой эле, үчүнчү өлкөлөргө жана Улуу Жибек Жолу туристтик маршруту болуп саналат.
Ошону менен бирге, тегерек үстөлдүн жүрүшүндө Туризм департаментинин директорунун орун басары К.Кенжематова Борбор Азия өлкөлөрүндөгү кесиптештерге Кыргыз Республикасынын туризмин, 3D Кыргызстан туристтик долбоорун презентациялады, ошондой эле, инфратүзүм жана чек ара маселелерине токтолду. Ошол эле учурда, К.Кенжематова пандемиядан кийинки мезгилде ден-соолукту калыбына келтирүү жана чыңдоо үчүн идеалдуу климаттык-географиялык шарттарга ээ болгон Кыргызстандын рекреациялык потенциалын, 2020-жылдын 4-декабрынан баштап аба каттамы менен келген чет элдик жарандар үчүн өлкөнүн чек араларынын ачык экендигин белгилеп, кесиптештерин ушул мүмкүнчүлүктү ден-соолукту чыңдоо үчүн пайдаланууга үндөдү.
Мындан тышкары, тегерек үстөлдүн алкагында тараптардын туристтик бизнес өкүлдөрү дагы туризмдин көйгөйлүү маселелерин талкуулашты.
Бул аянтча Борбор Азия өлкөлөрүнүн өнүгүшү үчүн ийгиликтүү өз ара аракеттенүүнү түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Жыйынтыгында, тегерек үтөлдүн катышуучулары Борбор Азиянын “боордош” элдеринин ортосунда жемиштүү кызматташтыгын улантуу маанилүүлүгүн белгилешти жана жакынкы аралыкта биргелешкен кызматташтык мерчемине киргизүү үчүн тажик тарапка сунуштарын жөнөтүшөөрүн айтышты.
___________________________
 26 февраля 2021 года, состоялся виртуальный региональный круглый стол по развитию туризма среди стран Центральной Азии с участием руководителей уполномоченных государственных органов в сфере туризма Казахстана, Узбекистана, Туркменистана, Таджикистана и Кыргызстана.
Руководители уполномоченных государственных органов в сфере туризма Центральной Азии обсудили перспективы развития сотрудничества в сфере туризма с целью дальнейшего развития отрасли и обеспечения её конкурентоспособности, а также провели презентации о потенциале туризма стран Центральной Азии.
В своей вступительной речи директор Департамента туризма С. Шатманов отметил, что наиболее приоритетными видами туризма в Кыргызской Республике для граждан Центральной Азии являются:
• Лечебно-оздоровительный туризм;
• Приключенческий туризм;
• Культурно-познавательный туризм, включая зиярат туризм;
• Экологический туризм (зеленый);
• Айыл туризм, включая джайлоо туризм;
Также, подчеркнул, что поддерживает инициативу Государственного комитета Республики Узбекистан по развитию туризма по созданию Региональной Рабочей группы по туризму стран Центральной Азии. Надеемся, что данная рабочая группа улучшит сотрудничество в области туризма стран Центральной Азии, будет заниматься созданием специальных туристических пакетов для граждан тех стран, которые расположены в Центральной Азии, и взаимного продвижения туристических маршрутов, а также в третьи страны, в том числе и по маршруту Великого Шелкового пути.
Также, в ходе круглого стола заместитель директора Департамента туризма К. Кенжематова презентовала коллегам стран Центральной Азии туризм Кыргызской Республики, туристический проект ЗD Кыргызстан, также затронула вопросы инфраструктуры и приграничные вопросы. Вместе с тем, К.Кенжематова, отметив рекреационный потенциал Кыргызстана, обладающего идеальными климатическими и географическими условиями по восстановлению и укреплению здоровья в пост пандемический период, призвала коллег использовать эту возможность укрепления здоровья, в связи с открытием границ страны для иностранных граждан, пребывающих воздушным путем с 4 декабря 2020 года.
Кроме того, в рамках круглого стола представители турбизнеса сторон, также обсудили проблемные вопросы туризма.
Данная платформа даст возможность для выстраивания успешного взаимодействия во благо развития стран Центральной Азии.
В заключение, участники круглого стола подчеркнули важность продолжения плодотворного сотрудничества «братских» народов Центральной Азии и в ближайшее время направят предложения таджикской стороне для включения в план совместного сотрудничества.

Оставить комментарий

EnglishKyrgyzRussian