+996312621861 info@tourism.gov.kg

Талас облусунун Манас районунун Покровка айылында “Талас-Атлах ” салгылашуусуна арналган эстеликти ачуу аземи болуп өттү

2021- жылдын 27- майында Талас облусунун Манас районунун Покровка айылында “Талас-Атлах ” салгылашуусуна арналган эстеликти ачуу аземи болуп өттү.
Иш-чарага Туризм департаментинин директору С. Шатманов, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Б. Нарбеков , Талас облусунун Манас районунун мамлекеттик администрациясынын жетекчиси Б. Дуйшобаев, “KOICA” эл аралык онуктуруу агенттигинин окулу Ли Жунг Су ,”МДК Силк Роуд” уюмунун жетекчиси Чу Санг Хун Кэ, жергиликтүү ак-сакалдар, тарыхчы-археологдор, Кыргыз Республикасынын туроператорлор ассоциациясынын жетекчиси Н.Сапаров катышты.
“Талас-Атлах “салгылашуусу дүйнөлүк мааниге ээ. Ошондуктан бул иш-чара жаӊы туристтик маршруттарды, туристтик продуктыларды түзүүгө, ички жана чет элдик туристтердин кызыгуусун арттырып, алардын келүүсүнө өбөлгө түзөт.
Бул долбоор Корея эл аралык кызматташтык агенттиги (KOICA) туризм багытындагы долбоорлорду ишке ашыруучу МДК “Силк Роуд” уюму тарабынан ишке ашты.

Оставить комментарий

EnglishKyrgyzRussian