+996312621861 info@tourism.gov.kg

“Каракол тоо лыжа базасында” 2021-2022 жылдарга карата кышкы туристтик мезгилинин расмий ачылыш аземи өттү/На горнолыжном комплексе “Каракол” состоялось официальная церемония открытия зимнего туристского сезона на 2021-2022г.

Бүгүн, 2021-жылдын 27-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Туризм департаменти Кышкы туризмди туруктуу өнүктүрүү боюнча Швейцариялык долбоордун жана ата-мекендик өнөктөштөрдүн колдоосу менен биргеликте “Каракол тоо лыжа базасында” 2021-2022 жылдарга карата кышкы туристтик мезгилинин расмий ачылыш аземин өткөрдү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри А. Жаманкулов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү М. Кожошев, Швейцария элчилигинин Кыргыз Республикасындагы элчисинин орун басары Анн Мулен, Туризм департаменти, кышкы туризмди туруктуу өнүктүрүү боюнча Швейцариялык долбоор жана Каракол тоо-лыжа комплексинин жетекчилери катышышты.
Салтанаттуу иш-чаранын расмий болугунун алкагында министр А. К. Жаманкулов меймандарга көңүлдүү маанай каалап, Кыргызстандын ажайып кооз жаратылышына аяр мамиле кылууга жана аны сүйүүгө чакырды. Жаманкулов кышкы туризм өлкө экономикасы үчүн маанилүү багыттардын бири болуп саналарын белгилеп, бул багытта алдыда аткарыла турган көптөгөн иштер мерчемделгенин кошумчалады. Туризм өлкөнүн бардык аймактарында жумуш орундарын түзүүгө жана айыл экономикасын өнүктүрүүгө түрткү берүүгө негиз болгон тармак болуп эсептелинет. Андыктан, Кыргызстандын туристтик дараметин жогорулатуу жана ага шарт түзүү негизги маселелерден экендигин баса белгиледи.
Иш-чара концерттик программа, конкурс, оюн-зоок, лыжа тебүү инструкторлорунун тоодон лыжа тээп түшүү көргөзмөсү менен коштолуп, келген коноктордун көңүлдөрүн ачты.
Туризм департаменти, Кыргыз Республикасындагы Швейцария элчилигине, Кышкы туризмди туруктуу өнүктүрүү боюнча Швейцариялык долбооруна, Каракол дестинациясына, лыжа жана сноуборд мектебинин инструкторлоруна, ата-мекендик өнөктөштөргө, массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө, келген конокторго ыраазычылык билдирет!
______________
Сегодня, 27 ноября 2021 года, Департамент туризма при Министерстве культуры, информации, спорта и молодежной политики Кыргызской Республики при поддержке Швейцарского проекта устойчивое развитие зимнего туризма и отечественных партнеров на горнолыжном комплексе “Каракол” организовал и провел официальную церемонию открытия зимнего туристского сезона на 2021-2022г.
В мероприятии приняли участие министр культуры, информации, спорта и молодежной политики Кыргызской Республики А. Жаманкулов, полномочный представитель Президента Кыргызской Республики в Иссык-Кульской области М. Кожошев, заместитель посла Посольства Швейцарии в Кыргызской Республике Анн Мулен, руководители Департамента туризма, Швейцарского проекта по устойчивому развитию зимнего туризма и горнолыжной базы Каракол.
В рамках официальной части церемонии министр А. Жаманкулов пожелал гостям хорошего настроения и призвал их заботиться и любить прекрасную природу Кыргызстана.
А. Жаманкулов отметил, что зимний туризм является одним из важнейших направлений экономики страны, добавив, что в этом направлении планируется большая работа. Туризм – основа для создания рабочих мест и стимулирования развития сельской экономики во всех регионах страны. Поэтому он подчеркнул, что одним из ключевых вопросов является повышение туристского потенциала Кыргызстана и создание для этого условий.
Мероприятие сопровождалось концертной программой, соревнованиями, развлечениями и показом мастер-класса от лыжных инструкторов.
Департамент туризма выражает огромную благодарность Посольству Швейцарии в Кыргызской Республике, Швейцарскому проекту устойчивое развитие зимнего туризма, дестинации Каракол, инструкторам школы лыж и сноуборда, отечественным партнерам, представителям СМИ и гостей!

Оставить комментарий

EnglishKyrgyzRussian