+996312621861 info@tourism.gov.kg

Баткен облустук медиа борборунун айланасына арча көчөттөрү отургузулду

Өлкө башчысы С. Н. Жапаров Кыргызстандагы Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылынын алкагында “Жашыл мурас” улуттук өнөктүгү башталганын жарыялап, “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш багынын аймагында көчөт отургузулган. Мына ушул максатты көздөй Баткен облустук медиа борборунун айланасына арча көчөттөрү отургузулду.
Иш чарага Маданият маалымат спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары- Туризм департаментинин директору С. Шатманов баш болгон жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана медиа борбордун жалпы эмгек жамааты көчөт отургузушту.
Саамалык “Жашыл мурас” долбоорунун алкагында ишке ашып, жашылдандурууга көнүл буруу зарыл экендиги айтылды.
Быйыл Баткен облусуна өзгөчө макам берилип ар тараптуу жеңилдиктер каралган. Мунун алкагында облустук өкүчүлүктө эл аралык кызматташтык инвестициялар жана туризм бөлүмү ачылды. Мындан максат Баткен облусуна инвестиция тартуу жана облустун туристтик дараметин даңазалоо, өнүктүрүү болуп саналат.

Оставить комментарий

EnglishKyrgyzRussian