+996312621861 info@tourism.gov.kg

Баткен облусунун туризм чөйрөсүндөгү маселелерди талкуулоо максатында эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте тегерек стол уюштурулуп өткөрүлдү.

2022-жылдын 27-28 апрель күндөрү Баткен шаарынын Баткен мамлекеттик университетинин аянтында жана Баткен облусунун аймактарында “Баткен облусунда туризмди туруктуу өнүктүрүү, жергиликтүү Мадыген геопаркын ЮНЕСКОнун глобалдык геопарктар тармагына киргизүү боюнча биргелешкен аракеттер” аттуу аймактык туристтик форум-көргөзмө жана Баткен облусунун туризм чөйрөсүндөгү маселелерди талкуулоо максатында эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте тегерек стол уюштурулуп өткөрүлдү.
Форумдун алкагында Баткен облусунун туризм дараметин чагылдырган туристтик сүрөт көргөзмөсү ЮНЕСКОнун жана КР Тянь-Шань геологиялык коомунун колдоосу менен уюштурулду.
КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Туризм департаменти тарабынан уюштурулуп, КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, ЮНЕСКО, БатМУ, ЕБнин BOOST долбоору, Тянь-Шань геологиялык коому, «Манас» эл аралык аэропорту» ААКу, Ош дестинациясы тарабынан колдоого алынган бул иш-чараларга КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, ЮНЕСКОнун Табигый илимдер бөлүмүнүн башчысы Кристине Товмасян, «Эл аралык Манас ачык акционердик коому» АККу, Ички иштер министрлигинин түштүк аймагындагы өкүлдөрү, Бүткүл дүйнөлүк банктын ПРЭР долбоорунун туризм компоненттерин ишке ашырып жаткан АРИС агентствосунун өкүлдөрү, Мадыген геопаркынын дирекциясынын жетекчиси, Эл аралык BOOST долбоорунун жетекчиси жана кызматкерлери, Ош дестинициясы, эл аралык өнөктөштөр GIZ, JICA, БатМУ, Баткен жана Лейлек райондорунун акимдери, жергиликтүү айыл өкмөттөрү, туризм тармагында эмгектенген жеке ишкерлер жана башка кызыктар тараптар катышып, туризм жаатынын маселелери жана сунуштары ыраттуулук менен талкууланды.
Регионалдык форумдун негизги максаты Баткен облусунда туруктуу туризмди өнүктүрүү, жергиликтүү жана эл аралык маанидеги тарыхый-маданий, табигый жана геологиялык мурастарды сактоо, жергиликтүү Мадыген геопаркын өнүктүрүү жана ага ЮНЕСКОнун глобалдык геопаркы статусун алуу болуп саналат.
Бул иш-чаралар Туризм департаменти тарабынан Баткен облусунун аймактарындагы туристтик объекттерге экскурсия жүргүзүү жана туристтик продукттарды көрсөтүү менен коштолмокчу.
Баткен облусунун туризм дараметин илгерилетүү жана бул аймакта туруктуу туризмди өнүктүрүүгө багытталган бул иш-чараны жыл сайын өткөрүп, аны брендге айлантуу максаты көздөлүүдө.

Оставить комментарий

EnglishKyrgyzRussian