Бүгүн, 28-майда министрдин орун басары – Туризм департаментинин директору С. Шатманов Катар мамлекетинен келген массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасынын туризм дараметин тааныштыруу, жайылтуу, даӊазалоо максатында интервью берди.
Ошондой эле, эки өлкөнүн туризм тармагындагы кызматташуусунун учурдагы абалы, келечеги жана демилгелери боюнча маалымат берилди.