2023-жылдын 21-июнунан 25-июнуна чейин Кытайдын Шинжаң-Уйгур автономиялык районунун (СУАР) Кашкарынын Борбордук жана Түштүк Азия өлкөлөрү менен 13-көргөзмө-жарманкеси Кытайдын Шинжаң-Уйгур автономиялык районунун Эл аралык конференция жана көргөзмө борборунда өттү
Көргөзмөнүн расмий ачылышында КР Экономика жана коммерция министринин орун басары Самат Шатманов сөз сүйлөп, Кытай Эл Республикасы Кыргыз Республикасындагы рыноктук реформаларды жана демократиялык кайра курууларды колдогон артыкчылыктуу өлкөлөрдүн бири экенин белгиледи.
Эки тараптуу мамилелер эки өлкөнүн ортосундагы саясий диалогдун, жогорку деңгээлдеги жана өнөктөштүктүн өсүп жаткан динамикасы менен мүнөздөлөт. Ал эми Кыргызстан эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө жана андан ары өнүктүрүүгө бекем умтулат.
Министрдин орун басары ошондой эле Кыргыз Республикасы айыл чарба азыктары (малдын эти, сүт азыктары, сыр, жашылчалар, мөмө-жемиштер, жаңгактар, бал, төө буурчак) сыяктуу тармактарда жакшы экспорттук потенциалга ээ экенин жана Кытай базарын жогорку сапаттагы экологиялык продукция менен камсыздоого даяр экенин билдирди.





Шилтеме:
