2023-жылдын 14-майынан 20-майына чейин Өзбекстан Республикасынын Самарканд шаарында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын башкаруучулар кеңешинин ар жылдык жыйналышы болууда. Бул жыйналышка Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында Министрдин орун басары – Туризм департаментинин директору С. Шатманов туризм тармагында кызматташуу маселелерин сүйлөшүү үчүн катышууда. Бул иш-чаранын алкагында Туризм департаментинин директору С. Шатманов Өзбек Республикасынын Маданият жана туризм министринин биринчи орун басары Улугбек Азамов менен жолугушуп, туризм тармагындагы эки тараптуу кызматташууну күчөтүү, ошонун...Подробнее
13-майда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Чолпон-Ата шаарында жайгашкан Чыңгыз Айтматов атындагы “Рух-Ордо” маданий борборунда өткөн ISSYK KUL ITF-2023 эл аралык туристтик көргөзмө-жарманкесине күбө болду. Быйылкы туристтик мезгилдин ачылышына карата уюштурулган иш-чарага туризмди өнүктүрүү багытында иш алып барган мамлекеттик мекемелердин, эл аралык компаниялардын, туроператорлордун жана агенттиктердин, авиакомпаниялардын, мейманканалардын өкүлдөрү, ошондой эле бул тармакта кызмат көрсөткөн жеке ишкерлер катышты. Көргөзмө-жарманкеде ата мекендик өндүрүштөгү товарлар, улуттук буюм-тайымдар, тамак-аштар тартууланып, келгендерге...Подробнее
Ч.Айтматов атындагы “Рух Ордо” маданий борборунда Issyk-Kul ITF 2023 көргөзмө–жарманкесинин катышуучулары туристтик компаниялардын, пансионаттардын, конок үйлөрүнүн жана туризм чөйрөсүндө иш жүргүзгөн уюмдардын товарлары жана кызмат көрсөтүүлөрү менен тааныша алышат, ошондой эле этно оюндарга, кол өнөрчүлөрдүн мастер-класстарына катышып, маданий программаны көрө алышат. IITF 2023 – бул жыл сайын эл аралык туристтик компаниялардын, туроператорлордун, агенттиктердин, туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик түзүмдөрүнүн, авиакомпаниялардын, эл ташуучу компаниялардын, мейманканалардын жана медиа сектордун өкүлдөрүнүн жолугушуучу жери. Issyk-Kul...Подробнее
Бүгүн, 29-апрелде, Туризм департаменти Улуттук тазалык күнүнүн алкагында уюштурулган “Таза Мурас” акциясына катышты. Туризм департаментинин кызматкерлери ишембиликтин жүрүшүндө “Бишкек-Селекция-Күн-Туу” жолунун жана Баткен шаарындагы айрым жер тилкелеринин айлана-тегерегин тазалашты. _______ Сегодня, 29 апреля, Департамент туризма принял участие в акции «Таза Мурас», организованной в рамках Национального дня чистоты. На субботнике сотрудники Департамента туризма очистили территорию вокруг трассы «Бишкек-Селекция-Күн-Туу» и некоторые участки земли в городе Баткен.Подробнее
28-апрелде Баткен шаарында Туристтик “ITBE” көргөзмөсү, “Айгүл-Тоо”, “Баткен күрүчү”, “Көчмөндөрдүн тамак ашы” аттуу фестивалдары, кол өнөрчүлөрдүн “Кыргыз килеми” эл аралык жарманкеси, “Баткен облусунда туризмди туруктуу өнүктүрүү, “Мадыген” геопаркынын өнүгүшүн илгерилетип, ЮНЕСКОнун глобалдык геопарктар тармагына кошуу боюнча биргелешкен аракеттер” аттуу эл аралык туристтик форуму өтүүдө. Бул ири иш чарага Кыргыз Республикасынын биринчи айымы Айгүл Жапарова, КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, министрдин орун басары-Туризм департаментинин директору Самат Шатманов,...Подробнее
Свежие комментарии