+996312621861 info@tourism.gov.kg

Туризм департаментинин мүдүрүнүн орун басары Кыял Кенжематованын 2020-жылдын 13-14-ноябрь күндөрү “Ысык-Көл” облусу боюнча иш сапары башталды

2020-жылдын 13-ноябрында Дүйнөлүк Банк тарабынан каржыланып жаткан “Борбордук Азиядагы аймактык байланышты өркүндөтүү программасынын үчүнчү фазасы” (БААБӨП-3) долбоорунда камтылган “Ысык-Көл облусун туруктуу өнүктүрүү” компонентин ишке ашырууга киришүү максатында Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, ага караштуу Туризм Департаменти, Министрликтин туризм боюнча куратору У.Айталиев жана долбоордун координатору Г. Кармшакова долбоорду ишке ашыруу максатында аныкталган жер тилкелерине байланышкан маселелерди жеринде кароо максатында Ысык-Көл облусунда иш сапары менен жүрүшөт.
Балыкчы шаарында Туристтик маалыматтык сервис борборун куруу иштерине киришүү аракеттери тийиштүү тараптар менен макулдашылды.
Долбоордун алкагында 5 туристтик маалымат сервис борборлорунун курулушу мерчемделген.

Оставить комментарий

EnglishKyrgyzRussian