+996312621861 info@tourism.gov.kg

“ТАЙГАН ФЕСТ” ЭЛ АРАЛЫК ЭТНОФЕСТИВАЛЫ/МЕЖДУНАРОДНЫЙ ЭТНОФЕСТИВАЛЬ «ТАЙГАН ФЕСТ»

2023-жылдын 27-июнунда “Бурана” археологиялык-архитектуралык комплексинин аймагында “Тайган Фест” эл аралык этнофестивалы өтөт.
Иш-чаранын максаты – улуттук мурастын элементтерин сактоо, туризм тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, жаңы туристтик продуктыларды, кызматтарды жана маршруттарды түзүү.
“Тайган Фест” этнофестивалынын алкагында көргөзмөлөр, жарманкелер, улуттук оюндар, аркан тартыш, тайган жарыш жана концерттик программа уюштурулат. Ошондой эле тайгандын сырткы көрүнүшүн жана иштөө сапаттарын баалоо боюнча “Тайган чубатуу” кинологиялык көргөзмөсү уюштурулуп, анын жыйынтыгы менен жеңүүчүлөр аныкталат.
Иш-чаранын уюштуруучулары: КР Экономика жана соода министрлигине караштуу Туризм департаменти, Чүй райондук мамлекеттик администрациясы, «Жаштар өнүктүрүү ресурстары» коомдук фонду, «Кыргыз тайган клубу» коомдук бирикмеси.
27 июня 2023 года состоится международный этнофестиваль «Тайган Фест» на территории Археолого-архитектурного комплекса «Башня Бурана».
Целью мероприятия является сохранение элементов национального достояния, развитие сотрудничества в сфере туризма, создание новых туристских продуктов, услуг и маршрутов.
В рамках этнофестиваля «Тайган Фест» будут организованы мероприятия: выставки, ярмарки, национальные игры, аркан тартыш, тайган жарыш и концертная программа. Также, будет проводится кинологическая выставка «Тайган чубатуу» по оценке экстерьера и рабочих качеств тайгана, по результатам которой, будут определены победители.
Организаторы мероприятия: Департамент туризма при Министерстве экономики и коммерции Кыргызской Республики, Чуйская районная государственная администрация, ОФ «Ресурсы для развития молодежи», ОО «Клуб Кыргызский тайган».

Оставить комментарий

EnglishKyrgyzRussian