Инструменты специальных возможностей

Логотип департамент туризма при Министерстве экономики и коммерции Кыргызской Республики
Департамент туризма при Министерстве экономики и коммерции Кыргызской Республики — это государственный орган, ответственный за развитие, продвижение и поддержку туристической отрасли страны.

Новости и События

Подробности в новостях

  • Главная
  • Новости
  • Түп жана Ак-Суу райондорунда геопарк түзүү маселелери талкууланды

Түп жана Ак-Суу райондорунда геопарк түзүү маселелери талкууланды

Маданият маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм Департаментинин мүдүрүнүн орун басары К.Кенжематованын Ысык-Көл облусунун аймагына ТМСБ курууга багытталган Дүйнөлүк Банк тарабынан каржылануучу туризмди туруктуу өнүктүрүү долбоорун ишке ашырууга киришүү максатындагы иш сапары уланууда. Кезектеги отурум КР Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым өкүлүнүн аппаратында өттү. Ысык-Кол облусунун аймактарына ТМСБ куруу чекиттери, жер тилкелеринин аныкталышы, укуктук маселелерди жондоо, Түп жана Ак-Суу райондорунда геопарк түзүү маселелери талкууланды.
______________________________
Туризм департаментинин мүдүрүнүн орун басары К. Кенжематова бул жигердүү долбоордун ишке ашырылышы КР туризм жаатын өнүктүрүүгө чоң салым кошоорун, аймактарды өнүктүрүү алкагында жол боюндагы инфратүзүмдү жакшыртуу, жергиликтүү калк үчүн жумушчу орундарын түзүү, жергиликтүү ишкерликти өнүктүрүү дараметтери пайда болуп, элдин жашоо- шартын жакшыртуу үчүн мыкты шарттар түзүлө тургандыгын белгиледи.

Comments are closed