+996312621861 info@tourism.gov.kg

Туризм департаментинин директору Самат Шатманов Түркия Республикасынын Маданият жана Туризм Министрлигинин Орто Азия мамлекеттериндеги өкүлү-Маданият жана таанытуу кеңешчиси-Алпаслан Акынджы мырза менен жолукту

2022-жылдын 4-февралында, КР ММСЖСМге караштуу Туризм департаментинин директору Самат Шатманов Туризм департаментинин аянтчасында Түркия Республикасынын Маданият жана Туризм Министрлигинин Орто Азия мамлекеттериндеги өкүлү-Маданият жана таанытуу кеңешчиси-Алпаслан Акынджы мырза менен жолукту.
Жолугушууда, туризм тармагында ар тараптуу кызматташуу туурасында, анын ичинде, эки тараптын туризм жаатында тажрыйба алмашуусу, туризмди медиа тармактын, блогерлердин колдоосу менен эки өлкөнүн туризм дараметин даӊазалоосу белгиленип, бул жаатта иш-чараларды биргеликте жүргүзүүнү сүйлөштү.

Оставить комментарий

EnglishKyrgyzRussian