Будапешт шаарында өтүп жаткан HUNGEXPO «Travel Show Budapest 2022» Эл аралык туристтик көрмөзөсү алкагында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары-Туризм департаментинин директору С. Шатманов Венгриядагы Түрк мамлекеттер уюмунун өкүлчүлүгүнүн аткаруучу директору Янош Ховари менен жолукту.
Жолугушуу алкагында, С. Шатманов Янош Ховари менен кыргыз-венгр туризм тармагын мындан ары чыңдоо жана туруктуу туризмди өнүктүрүү жөнүндө пикир алмашты.
Ошондой эле, Будапешт шаарында Кыргыз Республикасынын маданий күндөрүн жана туристтик көргөзмө-жарманкесин уюштуруу талкууланды. Жолугушууда КАТО, КАТОС туристтик ассоциацияларынын жетекчилиги жана Хельветас уюмунун “Гринтур” долбоорунун өкүлдөрү катышты. С. Шатманов Түрк мамлекеттер уюмуна ыраазычылыгын билдирип, бир тууган Венгр элинин меймандостугун өзгөчө белгиледи.