+996312621861 info@tourism.gov.kg

“Кыргызстан-Баткенден башталат”

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары- Туризм департаментинин директору С. Шатманов Баткен облусуна болгон иш сапар алкагында “Баткен медиа борборуна” жалпы туризм тармагында жана облуста туризмди өнүктүрүүдө иш-мерчемдер, жетишкендиктер боюнча маек курду.
Туризмди өнүктүрүү, туристтердин Кыргыз Республикасына келүү ыңгай шарттарын тийиштүү мамлекеттетик органдар жана эл аралык өнөктөштөр менен иш жүрүп жаткандыгын белгиледи.
Ага ылайык, жыл башталгандан бери Кыргыз Республикасынын туризм дараметин даңазалоодо, чет элдик туристтердин өлкөбүзгө келүү кызыгуусун арттыруу максатында, Туризм департаменти туристтик бизнестин өкүлдөрү менен бир нече эл аралык ири туристтик көрмөзмөлөрүнө катышканын билдирди.
Ошондой эле, Баткен облусунун маданий баалуулуктарын, туристтик локацияларынын өзгөчөлүктөрүн чагылдыруу, туризмди өнүктүрүү жаатында эл аралык проекттерди жана инвестицияларды тартуу максатында, апрель айынын аягында Баткен шаарында “Мадыген геопаркы”, “Айгүл гүлү” илимий форум өткөрүү мерчемделгенин билдирди.
Иш сапардын алкагында, Баткен облусундагы “Кудаяр хан” чеби, “Манас ордо” скульптуралык комплекси, “Төрт-гүл” суу сактагычы, “Айгүл-таш” тоосу ж. б ажайып кооздугу жана уникалдуулугу менен туристтерди өзүнө тарткан туристтик объектилерди ата-мекендик таланттуу видеограф Т. Мукамбетов жана Туризм департаментинин башкы адиси Д. Дайырбеков видео-фотосүрөткө түшүрүп жаткандыгын маалымдады.

Оставить комментарий

EnglishKyrgyzRussian