Иш-чарага туризм секторунун негизги катышуучулары: КАТО ассоциациясы, Жөө туризм союзу, Хорека ассоциациясы, транспорттук компаниялар, гиддер жана туристтик кызматтардын өкүлдөрү катышты. Тегерек столдун жыйынтыгында туризм тармагын өнүктүрүү, туристтик продукциянын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу, ошондой эле экспорттук потенциалды бекемдөө боюнча сунуштар иштелип чыкты.
Туризм аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө маанилүү ролду ойнойт, ошондой эле инфратүзүмдү өнүктүрүүгө салым кошот, бул өз кезегинде экономиканын башка тармактарына оң таасирин тийгизет. Бул сектор инфратүзүмдү жакшыртуу жана айлана-чөйрөнү коргоого салым кошуу үчүн катализатор болуп саналат. Кыргызстан туристтик ресурстардын чоң топтомдоруна ээ жана азыр эки жылдык кеңири жайылган карантинден кийин чет элдик конокторду тартуу үчүн биргелешкен күч-аракеттерди жумшоо зарыл.
«Кыргыз Республикасында туризм тармагы мамлекеттик деңгээлде экономиканын приоритеттүү тармактарынын бири катары таанылган. Туризм департаменти тарабынан өткөн жылы туризм тармагындагы абалды турукташтыруу боюнча иштер аткарылып, Кыргыз Республикасында туризмди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча иш-чаралар жана пландар ишке ашырылгандыгын белгилегим келет. Кыйынчылыктарга карабастан, тармак өнөктөштөрдүн биргелешкен аракетинин жардамы менен өнүгүүсүн улантууда. Маалым болгондой, туризм тармагындагы маселелер комплекстүү түрдө чечилет. Келечекте өлкөбүздө туризмди өнүктүрүү максатында өнөктөштөрүбүз менен тыгыз иш алып барабыз деп ишенем”,-деди Министрдин орун басары- Туризм департаментинин директору Самат Шатманов.
Соодага көмөктөшүү долбоору «Кыргыз Туризм» компаниясы тарабынан уюштурулуп «Приключенческий Туризм» (Окуялуу туризм) нарк чынжыр тарабынан ишке ашырылат. Окуялуу туризм саякатчыларга, жергиликтүү тургундарга, маданий мурастарга жана айлана-чөйрөгө кам көргөн туруктуу туризм катары аныкталат. Долбоордун алкагында кыргызстандык компаниялардын 9 туристтик роудшоуга (БАЭ, Оман, Бахрейн, Кувейт, Корея, Индия, Улуу Британия) катышуусу колдоого алынган. Мындан тышкары, туристтик компаниялар Финляндияда кыска мөөнөттүү окууга катышты.Туризм тармагында бизнес жүргүзүү үчүн окуу платформасы иштелип чыкты жана Кыргызстанда 9 жаңы тур продуктылар иштелип чыгып, алар боюнча маалыматтык материалдар даярдалып, эл аралык аренада өлкөнү таанытуу боюнча чет элдик блогерлер/фотографтар менен иш жүргүзүлдү.
«Кыргызстандын олуттуу туристтик дарамети бар, биз бул багытты өнүктүрөбүз. Биздин бенефициарлар туризм тармагында керектүү теориялык билимдерди, чет элдик эксперттерден практикалык сунуштарды алышты, ошондой эле кичи грант катарында бизнеси үчүн жабдууларды кабыл алды (ат минүү үчүн жабдуулар, боз үйлөр, ачык эс алуу үчүн жабдуулар, боз үйлөр үчүн күн батареялары, эмерек жана башкалар). Мындан тышкары, 2021-жылы бенефициарлар туризм кызматын көрсөтүүнүн жана сатуунун көлөмүнүн пандемияга чейинки көрсөткүчүн 70%га жеткизди», – деп түшүндүрдү БУУӨП долбоорунун координатору Айсулуу Мамбетказиева.