+996312621861 info@tourism.gov.kg

Бүгүн, 28-апрелде Чолпон-Ата шаарында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары-Туризм департаментинин директору С. Шатмановдун жетекчилиги астында жайкы туристтик мезгилге даярдык көрүү боюнча КРнын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары У. Далиев, жергиликтүү мамлекеттик кызматтар жана санаторийлердин катышуусунда пландык жыйын өттү.

Жыйында негизги маселелердин бири Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жапаров “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койгондугун кабарлап, ага ылайык 2023-жылдын 1-январынан тартып Ысык-Көл облусундагы пансионаттарды инженердик коммуникация жана курулмалар менен камсыздабай иштетүүгө тыюуу салынгандыгы туурасында, тийиштүү иштерди пансионаттар, санаторийлер жана конок-үйлөр менен биргеликте кечиктирилгис иш алып баруу зарылдыгын белгиледи.
Жыйындын жүрүшүндө С. Шатманов КРнын ИИМнин укук-коопсуздукту коргоо жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынына, КРнын ӨКМнин облустагы башкармалыгына, жергиликтүү мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдө борборуна туристтердин коопсуздугун камсыздоо, аяр мамиле кылуу жана меймандостугубузду көрсөтүү боюнча иштерин жүргүзүү тапшырмасын койду.

Оставить комментарий

EnglishKyrgyzRussian