+996312621861 info@tourism.gov.kg

Аксыда “Улуу Жибек жолунда: жашыл ааламга саякат – Жалал-Абад – 2022” регионалдык туристтик форум фестивалы өттү

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А. Сыргабаев, коңшу Өзбекстан Республикасынын Наманган жана Андижан облусунун губернаторунун орун басарлары, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Туризм департаментинин башкы адиси Д. Дайырбеков жана Жалал-Абад облусунун мамлекеттик райондук администрацияларынын акимдери катышты.
Мындан сырткары фестиваль форумга Кыргыз Республикасынын аймактарында иш алып барган туризм тармагындагы өкүлдөр, коңшулаш өлкөнүн Андижан жана Наманган облустарынын тур-операторлорунан турган 150дөн ашуун адам катышты.
Облустун туристтик потенциалын жогорулатуу максатында уюштурулган форум Аксы районунун Авлетим айылындагы “Аксы маданий этно борборунда” өтүп, алгач жергиликтүү өндүрүлгөн азыктар, кол өнөрчүлөрдүн эмгектери коюлган көргөзмө жарманкеси уюштурулду.
Иш-чаранын жүрүшүндө облус башчысы келген конокторго Жалал-Абад облусунун туристтик дарамети тууралуу маалымат берди. Ошол эле учурда облус туристтик объектилерге жана тарыхый-архитектуралык эстеликтерге, жаратылышы туризм өндүрүшүн өнүктүрүүгө приоритеттүү багыт болуп саналаарын айтты.
-“Арстанбап, Кызыл-Үңкүр, Кара-Алма өңдөнгөн уникалдуу жана ажайып кооз жерлерде дүйнөдөгү жападан жалгыз байыркы жаңгак токойлору жайгашкан. Кыргызстандын түштүгүнүн бермети деп аталган Сары-Челек тузсуз тоо көлү бар. Республикабыздын байыркы мамлекеттүүлүгүн тастыктаган фактылардын бири болуп Саймалуу-Ташка аска бетиндеги сүрөт галереясы эсептелет. Сафед-Булан, Падыш-Ата тарыхый жерлери, Ыдырыс Пайгамбар жана Арстанбап Ата күмбөздөрү бир нече миңдеген жылдар бою бүткүл Борбордук Азия элдеринин зыяратчыларын өзүнө тартып келүүдө”,‐деди Абсаттар Сыргабаев.
Форумда эки өлкө облустарынын туризм тармагын өнүктүрүү алкагындагы маселелер талкууланып, тур-операторлор ортосунда кызматташуу меморандумуна кол коюлду. Демилге Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын, Туризм департаментинин жана бир катар Эл аралык уюмдардын колдоосу астында ишке ашырылган.

Оставить комментарий

EnglishKyrgyzRussian