+996312621861 info@tourism.gov.kg

“АЙМАКТЫК ӨНӨКТӨШТҮК” БИЗНЕС-ФОРУМУ

2022-жылдын 24-июнь күнү Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясында агрардык секторду, ишкердикти жана туризмди туруктуу өнүктүрүү максатында ишкерлер, айыл чарба продукцияларын өндүрүүчүлөр менен кайра иштетүүчүлөр, кооперативдер, ошондой эле, Өзбекстан Республикасынан чакырылган делегаттардын катышуусунда «Аймактык өнөктөштүк» бизнес-форуму жогорку деңгээлде уюштурулуп өткөрүлдү.

 

Иш-чара Ала-Бука районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Н. Сатаров, Аксы районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы З. Сыдыков, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары С. Б. Шатмановдун катышуусунда өттү.

Иш-чаранын алкагында бизнес өкүлдөрүнүн, жеке ишкерлердин B2B жолугушуулары, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрүнүн, жер семирткичтеринин көргөзмөсү болуп өттү.

Бизнес-форумдун кадырлуу коноктору Өзбекстан Республикасынан эт азыктары, сүт азыктары, жашылча-жемиш жана текстиль өндүрүү тармактарында иш алып барган ишкерлер болушту.

Бизнес-форумдун алкагында  катышуучулар үчүн Падыша-Ата мамлекеттик коругуна жана жашылча-жемиштерди кайра иштетүү жана сүт азыктарын кайра иштетүү боюнча пункттарга экскурсиялар уюштурулду.

Бул бизнес форум туруктуу туризмди өнүктүрүүдө чоӊ өбөлгө түзөт.

Оставить комментарий

EnglishKyrgyzRussian