+996312621861 info@tourism.gov.kg

“Кара- Куштун мекени” атуу эл аралык тайгандардын этнофестивалы өттү

Токтогул районунда “Кара- Куштун мекени” атуу эл аралык тайгандардын этнофестивалы өттү
26-июнь күнү, Токтогул районунун Үч-Чат жайлоосунда “Кара- Куштун мекени” атуу эл аралык тайгандардын этнофестивалы өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары-Туризм департаментинин директору Самат Шатманов, “Кыргыз тайганы клубунун” жетекчиси Болот Мураталиев, белгилүү тайганчылар жана атайын келген коноктор катышышты.
Самат Шатманов өз сөзүндө: “Кыргыз эли байыртадан жаратылыш менен, үй жаныбарлары менен гармонияда жашап келген. Ошолордун бири бул-тайган. Учурда баардык аймактарда тайганчылыкты өрчүткөн клубдар иш-алып барууда. Тайгандын тарыхы байыркы кыргыздардын тарыхы менен бекеринен байланышкан эмес. Мындай иш-чараны Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги колдой турганнын белгилеп, аталган иш-чараны республиканын башка аймактарында да өткөрүүнү пландалып жаткандыгын белгиледи.
Фестиваль концерттик программа менен коштолуп, атайын тайгандардын көргөзмөсү жана тайган салуу менен коштолду.
Белгилей кетсек, Кырыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде “Бабалардын баа жеткис мурастары: Тайган” көргөзмөсү өтүп жатат. Көргөзмө 15-июлда старт алган жана 30-июлга чейин уланат.

Оставить комментарий

EnglishKyrgyzRussian