+996312621861 info@tourism.gov.kg

НАРЫНДА “КЫРГЫЗ ШЫРДАГЫ – XII” ФЕСТИВАЛЫ ӨТҮП ЖАТАТ

28-июнда Нарын шаарында салтка айланган Эл аралык “Кыргыз шырдагы-XII” фестивалы өткөрүлүп жатат.
Маданий иш чарага республиканын бардык аймактарынан жана Нарын облусунан 100дөн ашык кол өнөрчүлөр катышууда. Фестивалдын алкагында “Мыкты шырдак”, “Мурас шырдак” кароо-сынактары “Кыргыз шырдагынын” тарыхына арналган илимий-практикалык конференция, улуттук тамак-аштын жана кол өнөрчүлүктүн көргөзмө-жарманкелери жүрүп жатат.
Фестивалдын максаты маданий мурастарды сактоо, салттуу билимдердин үзгүлтүксүздүгүн жандандыруу, кол өнөрчүлүктү жана маданий мурастардын негизинде индустрияны өнүктүрүү, ошондой эле Кыргызстанды экологиялык таза маданий туризмдин эл аралык аймагына айландыруу болуп саналат.
Фестивалдын ачылыш аземи кол өнөрчүлөрдун салтанаттуу жүрүшү менен башталды.
Ачылыш аземде Кыргыз Республикасыны Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сабыркул Ашимбаев, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары-Туризм департаментинин директору Самат Шатманов, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин директору Рахат Керимбаева, Кыргызстан кол өнөрчүлөр кеңешинин президенти Жамбы Карыбекова, Соода өнөр жай палатасынын төрагасы Кубанычбек Касмалиев, Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуев жана башка жетекчилер фестивалдын маанисине кенен токтолушту.
Ошондой эле, Самат Шатманов “Кыргыз шырдак” фестивалындагы көргөзмө буюмдар келген конок туристтерге мыкты туристтик продукт болуп, маданиятыбыздын даңазаланышына чоң өбөлгө түзөөрүн баса белгилеп, келген туристтер менен баарлашты.
Иш чара эртең, 29-июнда жыйынтыкталат.

Оставить комментарий

EnglishKyrgyzRussian