+996312621861 info@tourism.gov.kg

Варанаси шаарында Индия тараптын төрагалыгы астында ШКУга мүчө мамлекеттердин туристтик администрацияларынын жетекчилеринин жолугушуусу/ Встреча руководителей туристских администраций государств-членов ШОС

Варанаси шаарында Индия тараптын төрагалыгы астында ШКУга мүчө мамлекеттердин туристтик администрацияларынын жетекчилеринин жолугушуусунда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен Министрдин орун басары–Туризм департаментинин директору С.Шатманов катышты.
Жолугушууда ШКУга мүчө-мамлекеттердин туризм тармагындагы кызматташуусунун учурдагы абалы, келечеги жана демилгелери боюнча пикир алмашуу болуп, катышуучулар ШКУга мүчө мамлекеттерде туризмди туруктуу өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Жыйындын күн тартибинде ШКУга мүчө-мамлекеттердин туризм тармагындагы учурдагы абалы жана кызматташтыгына байланыштуу маселелер каралды.
Министрдин орун басары С.Шатманов өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын туризм дараметине кеӊири токтолуп, ошондой эле мамлекеттин негизги максаты туристтик индустрия уюмдарынын жана ишканаларынын иши үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, аталган тармактын ишмердүүлүгүн өнүктүрүүнү камсыз кылган заманбап мыйзамдык жана ченемдик укуктук базаны түзүү болуп саналарын баса белгиледи.
Мындан тышкары, С.Шатманов белгилегендей, ШКУ туризмди илгерилетүү чөйрөсүндө экономикалык кызматташтыкты жана өнөктөштүктү мындан ары илгерилетүү боюнча пикир алмашуу үчүн уникалдуу аянтча түзөт жана катчылык менен ШКУга мүчө мамлекеттердин туризм чөйрөсүндө координацияланган жана натыйжалуу кызматташтыгын жолго коюу боюнча биргелешкен ишти улантуу зарылдыгын белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар ШКУнун алкагында мындан аркы биргелешкен иш үчүн кабыл алынган бир катар расмий документтерге кол коюшту.
__
В городе Варанаси под председательством индийской стороны состоялась Встреча руководителей туристских администраций государств-членов ШОС от имени Министерства культуры, информации, спорта и молодежной политики Кыргызской Республики принял участие Заместитель министра–директор Департамента туризма С. Шатманов.
На встрече состоялся обмен мнениями о текущем состоянии, перспективах и инициативах сотрудничества между государствами-членами ШОС в сфере туризма, где участники заявили о своей готовности содействовать устойчивому развитию туризма в государствах-членах ШОС. В повестку дня заседания были включены вопросы, касающиеся текущего состояния и сотрудничества государств-членов ШОС в сфере туризма.
В своей речи Заместитель министра С. Шатманов рассказал о потенциале туризма в Кыргызской Республике, также подчеркнул, что основной целью государства является создание благоприятных условий для работы организаций и предприятий туристской индустрии, формирование современной законодательной и нормативной правовой базы, обеспечивающей развитие деятельности данной сферы.
Кроме того, С.Шатманов отметил, что ШОС создает уникальную площадку для обмена мнениями по дальнейшему продвижению экономического сотрудничества и партнерства в сфере продвижения туризма, и подчеркнул необходимость продолжения совместной работы с Секретариатом по налаживанию скоординированных и эффективных сотрудничество государств-членов ШОС в сфере туризма.
В ходе встречи участники подписали ряд официальных документов которые приняли для дальнейшей совместной работы по линии ШОС.

Оставить комментарий

EnglishKyrgyzRussian