+996312621861 info@tourism.gov.kg

КРнын туристтик бизнесинин өкүлдөрү Үрүмчү шаарынын эл аралык көргөзмө борборунда Синьцзян эл аралык маданият жана туризм индустриясы көргөзмөсүнө катышууда/Представители туристского бизнеса КР принимают участие на Международной выставке индустрии культуры и туризма Синьцзяна и на 4-ой весенней ярмарке в Международном Выставочном Центре г. Урумчи

Туризм департаменти Кыргыз Республикасынын туристтик бизнесинин өкүлдөрү менен биргеликте 2023-жылдын 8-апрелинен 10-апрелине чейин Кытай Эл Республикасынын Үрүмчү шаарынын эл аралык көргөзмө борборунда Синьцзян эл аралык маданият жана туризм индустриясы көргөзмөсүнө жана 4-жазгы жарманкеге катышууда.
Расмий жолугушууда Туризм департаменти Кытай Эл Республикасынын Синьцзян туризм ассоциациясына жана СУАР маданият, туризм департаментине көргөзмөнү уюштурууга жана ага катышууга колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди, ошондой эле, бул эл аралык көргөзмөгө катышуу – туристтик бизнести колдоонун эң натыйжалуу жолу жана делегациянын иш-чараларга расмий катышуусу эки тараптуу туруктуу өнүгүүнү талкуулоо жана биздин өлкөлөр ортосундагы туризм тармагындагы кызматташтыкты мындан ары бекемдөө үчүн мыкты аянтча катары кызмат кылаарын белгиледи.
Эл аралык көргөзмөгө Кытай Эл Республикасынын ар кайсы аймактарынан келген туристтик компаниялар катышууда.
Көргөзмөдө Кыргыз Республикасынын павильону келген коноктор арасында абдан кызыгуу жаратууда. Кыргыз тараптын өкүлдөрү туристтик дараметти жигердүү көрсөтүүдө, ошондой эле, мындан аркы кызматташуу үчүн байланыштарды түзүүдө.
СУАР туризм ассоциациясы Борбор Азия алкагында айкалышкан турларды иштеп чыгуу жана жигердүү кызматташуу боюнча каалоосун билдирди.
_____
Департамент туризма совместно с представителями туристского бизнеса Кыргызской Республики принимает участие на Международной выставке индустрии культуры и туризма Синьцзяна и на 4-ой весенней ярмарке, которая проходит с 8 по 10 апреля 2023 г. в Международном Выставочном Центре города Урумчи (КНР).
На официальной встрече Департамент туризма выразил благодарность за приглашение и поддержку в организации и участии в выставке Ассоциацию туризма Синьцзяна и Департаменту культуры и туризма СУАР Китайской Народной Республики, также подчеркнул, что участие на этой международной выставке – наиболее эффективная мера поддержки туристского бизнеса и официальное участие делегации на мероприятиях послужит отличной площадкой для двухстороннего обсуждения устойчивого развития и дальнейшего укрепления сотрудничества в сфере туризма между нашими странами. На международной выставке приняли участие туристские компании из разных регионов КНР.
На выставке павильон Кыргызской Республики пользуется большой популярностью у посетителей, представители кыргызской стороны активно представляют туристский потенциал, также налаживают контакты для дальнейшего сотрудничества. Ассоциация туризма СУАР выразила желание работать над разработкой комбинированных туров по Центральной Азии.

Оставить комментарий

EnglishKyrgyzRussian