+996312621861 info@tourism.gov.kg

“Бурана мунарасы” археологиялык-архитектуралык комплексинин аймагында “Тайган Фест” эл аралык этнофестивалы өттү

Бүгүн, 2023-жылдын 27-июнунда Бурана мунарасы археологиялык-архитектуралык комплексинин аймагында “Taigan Fest” эл аралык этнофестивалынын ачылышы болду.
Фестивалды ачып жатып, министр Данияр Амангелдиев бул элибиздин улуу мурасын барктоо, сактоо жана көбөйтүү боюнча дагы бир чоң иш-чара экенин белгиледи.
Бул иш-чаранын максаты – улуттук мурастын элементтерин сактоо, туризм тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, жаңы туристтик продукцияларды жана маршруттарды түзүү.
Бүгүнкү күндө улуттук мурастын элементи катары аңчылык иттердин тукумун сактап калуу зарыл. Буга байланыштуу тайганды эл аралык деңгээлде таанытуу иштеринин алкагында “Тайган кол өнөрчүлүгүнүн билими жана көндүмдөрү” номинациясын ЮНЕСКОнун репрезентативдик тизмесине каттоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын элементтеринин Улуттук тизмеси “Тайган таптоо билими жана көндүмдөрү” жаңы номинациясы менен толукталды.

Оставить комментарий

EnglishKyrgyzRussian