+996312621861 info@tourism.gov.kg

Кыргыз Республикасынын «Туризм жөнүндө» Мыйзамынын долбоору туристтик бизнес өкүлдөрү менен талкууланды

2018 – жылдын 19 – декабрында Кыргыз Республикасынын «Туризм жөнүндө» Мыйзамынын долбоору туристтик бизнес өкүлдөрү менен талкууланды. Талкуу Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекованын катышуусу менен өттү. Бизнес коомчулук тарабынан айтылган суроолорго Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу жооп берип, айтылган сын пикирлер жана конструктивдүү сунуштар талкууланып жаткан Мыйзам долбооруна киргизе тургандыгын белгиледи.

Кыргыз Республикасынын «Туризм жөнүндө» Мыйзамынын долбоору Кыргыз Республикасындагы туризмди өнүктүрүү, туризм чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү, туристтерди тейлөө кызматтарын өнүктүрүү, ошондой эле туристтер менен туризм чөйрөсүндөгү ишкерлердин укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында иштелип чыккан.

Мыйзам долбоорунун милдеттери Кыргызстандын туризм тармагын, мамлекеттин экономика секторунун артыкчылыктарынын бири экспортко багытталган тармактарын жана Кыргыз Республикасынын имиджин өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү болуп саналат. 

Бул мыйзам долбоорун кабыл алуунун натыйжасында туризм чөйрөсүндөгү коомдук мамилелери жөнгө салынат, туризм тармагында ишкердик жана иш-чаралардын түрлөрү көбөйүп, инвесторлордун кызыкчылыгы артат, жаңы туристтик продуктылары көбөйүп, Ата-мекендик ишкердиктин субъекттери дүйнөлүк туристтик рынокко чыгуусуна түрткү болот жана туристтер үчүн Кыргыз Республикасы жагымдуулугу артат.

Мыйзам долбоору: http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ky-kg/12663

 

Оставить комментарий

EnglishKyrgyzRussian