+996312621861 info@tourism.gov.kg

Ош, Жалал-Абад жана Баткен областарында туризмди өнүктүрүү Кеңештеринин жыйыны өттү

Бүгүн, 19- февралда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имаратында Кыргыз Республикасынын Вице- Премьер – министри А.С. Өмүрбекова, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары жана Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулунун катышуусу менен түштүк аймагынын туристик потенциалын өнүктүрүү темасында көчмө жыйын өттү.

Жыйын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош, Жалал – Абад жана Баткен облсутарынын Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Ош облусундагы туристик бизнес секторлордун өкүлдөрүнүн катышуусу менен өтүп, облус аймагындагы туризмди өнүктүрүү тууралуу негизги маселелер, алдыга койгон максаттар, көйгөйлөр жана Өзбекстан, Тажикстан мамлекеттеринин ортосундагы көзөмөлдөөчү пунктардагы пайда болгон суроолор, жолдордун абалы, негизги маданий объектилер жана маркетинг маселелери талкууланды.

Туризм тармагы экономикалык өсүштөргө салым кошуучу бирден –бир кирешелүү тармактардын бири болуп эсептелет. Кыргызстанда туризм тармагын өнүктүрүүгө көп мүмкүнчүлүктөр бар. Кыргызстан – бай тарыхый жана мадний мурастар, бири –биринен өткөн кызыктуу жайкы жана кышкы сезондору аркылуу маданий таанытуучулук, экологиялык, айыл – чарбалык, экстремалдык жана күтүүсүз окуяларга бай өлкөлөрдүн катарына кирип, экономикалык өсүшүнө түз таасир тийгизе турчу күчкө бар өлкө.

Оставить комментарий

EnglishKyrgyzRussian