2020-жылдын 14-16 апрель күндѳрү Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаменти Кыргызстандын курорттор ассоциациясы (ККА) менен биргеликте Казахстан Республикасында Алматы шаарында ѳтѳ турган “ТУРИЗМ ЖАНА САЯКАТТАР” / KITF-2020 20-Казахстандык эл-аралык кѳргѳзмѳсүнѳ Кыргыз Республикасынын туристтик бизнесинин ѳкүлдѳрүн катыштырууну уюштурат.
Ѳткѳрүлѳ турган кѳргѳзмѳдѳ Кыргыз Республикасынын улуттук стенди орнотулат. KITF кѳргѳзмѳсү масштабтуу эл-аралык туристтик кѳргѳзмѳ болуп эсептелет. Бул аянтча пайдалуу сунуштарды, жаңы программаларды жана негизги чечимдерди көргөзмөгө карата даярдаган бүткүл дүйнө жүзүндөгү турбизнес профессионалдарын чогултат, ошондой эле, эс алуу жана жайкы туристтик сезон учурунда саякаттоо үчүн актуалдуу багыттарды



