+996312621861 info@tourism.gov.kg

Эл аралык блогерлер Кыргызстандагы кышкы туризмди дүйнөгө даңазалашууда/Международные блогеры продвигают зимний туризм в Кыргызстане

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм
министрлигинин алдындагы Туризм департаменти, Швейцария Өкмөтү
тарабынан каржыланган кышкы туризмди туруктуу өнүктүрүү боюнча долбоору
(SECO – экономикалык маселелер боюнча мамлекеттик катчылыгы аркылуу)
жана USAID уюмунун Борбор Азиядагы атаандаштыкты күчөтүү, соода жана
жумуш орундарын түзүү боюнча долбоорлорунун өнөктөштүгү менен биргеликте
Кыргызстандын кышкы туризм тармагындагы мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү
максатында тааныштыруу туруна катышуу үчүн 2020-жылдын 15-февралынан 24-февралына чейин Кыргызстанга алты англис жана орус тилдүү саякатчы-
блогерлерден жана социалдык тармактарды активдүү колдонуучуларынан турган
топ келишти.
Блогерлер жана социалдык тармактарды колдонуучуларга Коомчулукка
негизделген туризм кыргыз ассоциациясы (КНКТА) тарабынан атайын даярдалган
кызыктуу жана өзгөчө тур тартууланат. Бул тур өзүнө Кыргызстан кышкы
саякатка чыгуу үчүн жагымдуу өлкө катары лыжа жана сноубордду колдонуу менен фрирайд, параглайдинг, жаратылыш жайларын, маданий иш-чараларды
жана тоо лыжа базаларын кыдыруу сыяктуу кышкы туризминин активдүү түрлөрүн камтыйт. Тоолу райондордо жогоруда айтылган топту тоо гиддер ассоциациясынын Эл аралык федерациясынын (IFMGA) мүчөсү болгон Кыргыз тоо гиддер ассоциациясынын тажрыйбалуу гиди алып жүрөт.10-күндүк тур «ЗиЛ» тоо лыжа базасында болуп өткөн туристтик,
кайрымдуулук лыжа фестивалынан башталды, андан кийин саякатчылар
Чункурчак капчыгайына, ошол эле аталыштагы тоо лыжа базасына жана Супара
этнокурортуна барышат, андан тышкары Жыргаландагы жана Ак-Суудагы
колдонула элек трассаны көрүшөт, ошондой эле көптөгөн маданий жана тарыхый
жайларына баруу аркылуу кыргыз элинин тарыхы жана маданияты менен
таанышышат.
Турдун жүрүшүндө жана бүтүү учурунда блогерлер өз катталуучуларын
жана кышкы туризм күйөрмандарын шыктандыруу жана Кыргызстанга жакынкы 
арада келип кетүүсү үчүн Кыргызстандагы болгон саякатынан алган таасири жөнүндө видеоматериалдарды жана сүрөттөрдү камтыган кызыктуу онлайн контентин даярдашат.

______________________________
«Мени Кыргызстандагы кышкы туризм инфраструктурасы жагымдуу таң
калтырды. Бул жерде кыш мезгилинде саякатка чыгуу мен күтпөгөндөй оңой
экен. Эгер буга жаратылыштын кооздугун жана кыргыз элинин меймандостугун
кошсок, анда Кыргызстан кышкы саякат үчүн феноменалдуу жер болуп калат»
деп өз таасири менен белгилүү Австралиялык саякат-блогери Джарред Салем бөлүштү.
«Кыргызстандагы кышкы туризмдеги инфраструктура мени таң калтырат.
______________________________
Тоо лыжа базалары жетиштүү деңгээлде өнүккөн, ошондой эле кышкы активдүү
туризм түрлөрү жана өлкөнүн маданий өзгөчөлүктөрү менен болгон айкалышуусу
Кыргызстанды чындыгында өзгөчөлүү кылат. Мындай ачык кышкы таасирлер
менде буга чейин болгон эмес» деп Америка Кошмо Штаттарынан келген саякат-блогер Алекс Рейнольдс айтты.
Блогерлердин басылмалары жөнүндө #DiscoverKyrgyzstan хэштеги боюнча
жана DiscoverKyrgyzstan, Facebook, Twitter, Instagram социалдык тармактарынан
билип турсаңыздар болот.
Кыргызстан кышкы туризм үчүн жагымдуу өлкө катары алдыга жылдырууда
төмөнкү блогерлер катышат:
Джаред Салем – NOMADasaurus
Александр Габченко – Gabchenko_kz
Александра Рейнольдс – Lost With Purpose
Николас Бертранд – Journal of Nomads
Станислав Степанов – Gelio
Данат Алиев – dan_a_t
____________________________
Кыргызстандын туризм тармагы менен тааныштыруу туру Швейцария Өкмөтүнү тарабынан экономикалык маселелер боюнча мамлекеттик катчылыгы аркылуу каржыланууда жана Кыргызстандагы Хелветас уюму аркылуу ишке
ашырылууда, Эл аралык өнүктүрүү боюнча АКШ Агенттигинин Борбор Азиядагы
атаандаштыкты күчөтүү, соода жана жумуш орундарын түзүү боюнча долбоору
аркылуу америка элинин колдоосу менен (USAID) ишке ашууда.

 

Международные блогеры продвигают зимний туризм в Кыргызстане



С 15 по 24 февраля 2020 года в Кыргызстане находится группа из шести ведущих англо- и русскоязычных
блогеров-путешественников и активных пользователей социальных сетей для участия в ознакомительном
туре, организованном Департаментом туризма при Министерстве культуры, информации и туризма в
партнерстве с проектом, финансируемым Правительством Швейцарии (через Государственный
секретариат по вопросам экономики – SECO) по устойчивому развитию зимнего туризма и Проектом
USAID по конкурентоспособности, торговле и созданию рабочих мест в Центральной Азии с целью
представить потенциал Кыргызстана в сфере зимнего туризма.
Блогерам и пользователям соцсетей будет предложен увлекательный и уникальный тур, специально
подготовленный Кыргызской ассоциацией туризма, основанного на сообществах (КАТОС), который будет
включать в себя активные виды зимнего туризма, такие как фрирайд на лыжах и сноуборде,
параглайдинг, посещение горнолыжных баз, природные достопримечательности и культурные
мероприятия, представляющие Кыргызстан как привлекательную страну для зимних путешествий. В горах
группу будет сопровождать опытный гид Кыргызской ассоциации горных гидов, являющейся членом
Международной федерации ассоциаций горных гидов (IFMGA).
10-дневный тур начался с участия блогеров в Фестивале горных лыж на горнолыжной базе ЗиЛ, после
чего путешественники посетят ущелье Чункурчак с одноименной горнолыжной базой и этнокурортом
Супара, испытают неосвоенные трассы в Ак-Суу и Жыргалане, ознакомятся с историей и культурой
кыргызского народа, посетив многие культурные и исторические достопримечательности по пути
следования.
____________________________
В ходе и по завершении тура, трэвел блогеры подготовят увлекательный онлайн контент с фото и
видеоматериалами о полученных впечатлениях в Кыргызстане для своей аудитории с тем, чтобы
вдохновить своих подписчиков и любителей зимних видов туризма и путешествий посетить Кыргызстан в
ближайшее время.


«Меня приятно удивила инфраструктура зимнего туризма в Кыргызстане. Путешествовать зимой здесь намного легче, чем я ожидал. Если добавить к этому природную красоту и гостеприимство кыргызского народа, то Кыргызстан становится феноменальным местом для зимнего путешествия», делится первыми впечатлениями Джарред Салем, известный трэвел-блогер из Австралии.


«Инфраструктура зимнего туризма в Кыргызстане меня впечатляет. Подъемники и горнолыжные базы достаточно развиты, а сочетание зимних активных видов туризма с культурными особенностями страны делают Кыргызстан поистине уникальным. Таких ярких зимних впечатлений у меня еще не было», говорит Алекс Рейнольдс, трэвел-блогер из США.


За публикациями блогеров можно следить по хэштегам #DiscoverKyrgyzstan или в социальных сетях на
DiscoverKyrgyzstan в Facebook, Twitter и Instagram.
В продвижении Кыргызстана как привлекательной страны для зимнего туризма будут принимать участие:
Джаред Салем – NOMADasaurus
Александр Габченко – Gabchenko_kz
Александра Рейнольдс – Lost With Purpose
Николас Бертранд – Journal of Nomads
Станислав Степанов – Gelio
Данат Алиев – dan_a_t
___________________________________
Данный ознакомительный тур стал возможным благодаря Проекту по устойчивому развитию зимнего туризма,
финансируемому Правительством Швейцарии через Государственный секретариат по экономическим вопросам
(SECO) и реализуемому Хельветас Кыргызстан, при поддержке американского народа через Проект Агентства США
по международному развитию (USAID) по конкурентоспособности, торговле и созданию рабочих мест в
Центральной Азии.

Оставить комментарий

EnglishKyrgyzRussian