+996312621861 info@tourism.gov.kg

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана анын бардык мекемелеринде эмгектенген ардактуу биздин мырзалар!

Сиздерди алдыда келе жаткан мекенди коргоочунун күнү менен Туризм департаментинин кыз-келиндер батальону чын жүрөктөн куттуктайт!
Аялзат үчүн сиздер алдыга зор тирек, артка бийик жөлөксүздөр!
Мамлекеттик башкаруунун маданият, маалымат жана туризм жаатын дайыма таза ой, нукура дил жана ак ниет менен алга сүрөп, мындан ары дагы жогорку деңгээлде өнүктүрө берүүгө өз салымыңыздарды талыкпастан кошо бериңиздер!
Сиздерге жаркын келечек, жарык маанай, албан ийгилик, бакубат турмуш, үй-бүлөлүк бакыт, тунук ой, бекем ден-соолук жана жалаң жакшылыктарды каалайбыз!
Береке жана баалуулук дайыма сиздердин колуңуздарда болсун, ал эми биздин колубуз дайыма сиздер менен кармашкан болсун!
Кечинде эс алууга баратканда таттуу кыялга чөмүлүп, эрте менен сабырдуу максат менен иш баштаңыздар!
Үстүбүздөгү жыл баарыбыз үчүн ийгиликтүү болсун, алдыга коюлган ой тилектер аткарылсын!
Биз, аруулуу аялзаты, дайыма сиздер менен!

Оставить комментарий

EnglishKyrgyzRussian