+996312621861 info@tourism.gov.kg

Жалал-Абад облусунда туризмди өнүктүрүү долбоору башталды

2020-жылдын, 17-сентябрында – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусунун Ыйгарым укуктуу Өкүлчүлүгүнүн имаратынын конференц-залында “Мамлекеттик жана жеке сектордун диалогун өнүктүрүү жана туризм үчүн жагымдуу шарттарды түзүү” долбоор алкагында биринчи тегерек стол өткөрүлдү.
Аталган долбоор GIZ / IRDP (Аймактарды комплекстүү өнүгүү программасы) программасы Борбордук Азиядагы Суу Альянсы жана Аялдардын Тынчтык Банкы коомдук бирикмелери менен биргеликте Жалал-Абад облусунда “Европа Биримдиги” (ЕС) тарабынан каржыланды. Долбоор Жалал-Абад облусунун: Арстанбап АО, Кызыл-Туу АО (Сары-Челек), Жалал-Абад шаары, Кашка-Суу АО (Падыш-Ата), Кара-Алма АО, Тогуз-Торо АО (Казарман) жана Токтогул шаары) Туризмди инклюзивдүү өнүктүрүү программасын ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик-жеке диалогду түзүү аркылуу туризмдин коопсуз жана жагымдуу өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүүдө.
Долбоор аймактагы туризм үчүн жагымдуу шарттарды түзүү үчүн жалпы туризм шарттарын жакшыртууга салым кошот. Мамлекеттик-жеке диалог долбоордун негизги элементи болуп калат жана мамлекеттик жана жеке сектордун, ошондой эле жарандык коом уюмдарынын кызыкдар тараптарынын жигердүү катышуусу менен аялдар, жаштар, ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана этникалык азчылыктар бардык долбоорду пландаштыруу жана ишке ашыруу.иш-чараларга активдүү катышат .
Долбоордун негизги милдеттери:
1) Социалдык-экономикалык өнүгүүнүн шарттарын жакшыртуучу чараларды жана инвестицияларды аныктоо аркылуу биргеликте жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик-жеке секторлордун, ошондой эле жарандык коомдун ортосунда диалог түзүү.
2) Жалал-Абад облусундагы сапаттуу башкарууну, менеджиент жана максаттуу өнүктүрүүнү илгерилетүү үчүн жергиликтүү туризмди өнүктүрүү платформасынын потенциалын түзүү жана жогорулатуу.
Долбоордун кызыкдар тараптары жана өнөктөштөрү:
– Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү
– Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаменти
– Жалал-Абад шаарынын мэриясы.
– Аталган максаттуу Айыл Өкмөттөр;
– Туризм багытында жеке-бизнес сектор.
Бул тегерек үстөлдү КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн 1-орун басары М. Т. Акматов расмий түрдө ачып, анда куттуктоо сөзүндө GIZ / IRDP долбоорун колдой тургандыгын билдирип, долбоордун жалпы Жалал-Абад облусундагы туризм тармагын экономикалык жактан өнүктүрүү үчүн актуалдуулугун баса белгиледи.
Туризм департаментинин адиси Д. Д. Дайырбеков тегерек үстөлдүн катышуучуларына Департаменттин потенциалдуу инвесторлор менен координациялоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштери менен тааныштырды, ошондой эле 2019-2023 жылдарга Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү Программасына ылайык туризмди жайылтуу боюнча иштер жүргүзүлүп жаткан артыкчылыктуу багыттар менен бөлүштү.
Өз кезегинде, GIZ / IRDP донордук уюмунан, Internationale Zusammenarbeit (GIZ) GmbH долбоорунун менеджери Екатерина Рудольф айым жана IRDP долбоорунун координатору Капалова Айнура айым катышты. Алар белгилегендей, GIZ / IRDP программасы Жалал-Абад облусун комплекстүү өнүктүрүүнүн алкагында жергиликтүү туризмди өнүктүрүү үчүн эң ыңгайлуу шарттарды түзүүгө көмөктөшөт, ошондой эле максаттуу айыл аймактардын экономикасын өнүктүрүүдөгү артыкчылыктуу багыттардын бири катары мамлекеттик-жеке диалогду өркүндөтүү жана баардык кызыкдар тараптарга колдоо көрсөтүү. Ушул долбоордун алкагында GIZ / IRDP Туризм секторун өнүктүрүүдө жергиликтүү жана улуттук деңгээлдеги бардык кызыкдар тараптар менен өнөктөшүүгө жана кызматташууга даяр экендигин белгилешти.

Оставить комментарий

EnglishKyrgyzRussian