+996312621861 info@tourism.gov.kg

Дүйнөлүк Банк тарабынан каржыланып жаткан “Борбордук Азиядагы аймактык байланышты өркүндөтүү программасынын үчүнчү фазасы” долбоорун ишке ашыруу алкагында Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясында кезектеги жолугушуу өттү

Ысык-Көл районунун аймагына туристтик маалымат сервис борборун куруу үчүн буга чейин 3 жер тилкеси аныкталган, бул жер тилкелери айыл өкмөттөрүнө тиешелүү. Жакынкы күндөрдө райондук администрация тарабынан тийиштүү иш-кагаздары жолугушууда кабыл алынган чечимдерге ылайык, Туризм департаментинин дарегине жиберилет.
Жолугушуу алкагында туристтик маалымат сервис борборунун эскиздик долбоору көрсөтүлдү. Мындан сырткары, Туризм департаменти жетекчиликке Көчмөн цивилизация борборунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында сунуш жолдомокчу.

Оставить комментарий

EnglishKyrgyzRussian