+996312621861 info@tourism.gov.kg

“Кыргызстан – келечектүү жана стабилдүү өлкө” туристтик флешмобу

Учурда өлкөдөгү кырдаалды эске алуу менен руханий бейпилдикке чакыруу жана дүйнө коомчулугуна Кыргызстан стабилдүү нукка түшкөндүгү жөнүндө жар салуу, туристтик дараметти даңазалоо, дүйнө элинин Кыргызстан жөнүндө жагымдуу ойлорун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаменти 2020-жылдын 11-ноябрында “Кыргызстан – келечектүү жана стабилдүү өлкө” аттуу туристтик флешмобун KOICAнын алдындагы “MDK Silk Road”

Kyrgyzfriends

кореялык уюму менен биргеликте Бишкек шаарынын “Ала-Тоо” борбордук аянтында өткөрдү.

Флешмобдун алкагында улуттук эстрада жылдыздары, белгилүү комузчулар, президенттик камералык оркестр, саламаттыкты сактоо кызматкерлери (дарыгерлер, медайымдар) жана “Тазалык” МИнын кызматкерлери, белгилүү бий топтору өз өнөрлөрүн тартуулашты.
Флешмобдун негизи жана өлкөнүн туристтик дарамети видеотасмаларга түшүрүлүп, Министрликтин жана Туризм департаментинин расмий сайттары, жалпыга маалымдоо каражаттары, дипломатиялык каналдар, социалдык баракчалар аркылуу дүйнө коомчулугуна таратылат.
Иш-чара тийиштүү мамлекеттик органдар жана Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 11-майындагы “(COVID-19) коронавирус инфекциясынын жайылуу коркунучун азайтуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө” № 244 токтому менен бекитилген талаптарды сактоо менен өткөрүлдү.
***********************************
Туристический флешмоб «Кыргызстан – страна будущего и стабильности»
Принимая во внимание текущую ситуацию в стране, в целях призвания к духовному миру и заявить мировому сообществу о том, что Кыргызская Республика находится на стабильном пути, также в целях восстановления и дальнейшего развития сферы туризма, продвижения туристкого потенциала и обеспечения положительного имиджа о стране 11 ноября 2020 года Департамент туризма при Министерства культуры, информации и туризма КР совместно с корейской организацией« MDK Silk Road» при KOICA

Kyrgyzfriends

на центральной площади «Ала-Тоо» г. Бишкек организовал и провел туристический флешмоб «Кыргызстан – страна будущего и стабильности».

В рамках флешмоба выступили звезды отечественной эстрады, известные комузисты, президентский камерный оркестр, известные танцевальные группы, сотрудники здравоохранения (врачи, медсестры) и работники «МП Тазалык».
Основа флешмоба и туристский потенциал страны будут записаны на видео, созданы видеоролики о туризме и распространены среди мирового сообщества через официальные сайты Министерства и Департамента туризма, СМИ, дипломатические каналы и социальные сети.
Мероприятие проводилось сообща с задействованными государственными органами и мэрией г.Бишкек с соблюдением требований, установленных постановлением Правительства Кыргызской Республики «О дополнительных мерах по снижению рисков распространения коронавирусной инфекции (COVID-19)» от 11.05.2020 г. № 244.

Оставить комментарий

EnglishKyrgyzRussian