+996312621861 info@tourism.gov.kg

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаменти бардык жарандарга кышкы мезгилде өзүнүн коопсуздугуна жана ден-соолугуна өзгөчө көңүл бурууну сунуш кылат

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаменти кыш мезгилинде коопсуз эс алуу жана туризм максатында, шаардан чыгып эс аланууну мерчемдеп жаткан бардык жарандарга, туристтерге жана тоолуу аймактарда эс алып жаткандарга, алардын ден-соолугуна, туугандарынын жана жакындарынын ден-соолугуна лыжа тебүүнүн коопсуздук чараларын сактоого үндөйт жана лыжа тебүүчү жайларды, дөӊчөлөрдү жана муз тебүү каражаттарын тандоого дыкаттык менен көңүл буруусун сунуш кылат.
Кыш – көңүлдүү оюн-зооктордун мезгили. Лыжа жана муз тебүү ар бир адамдын сүйүктүү кышкы көңүл ачуусу болуп саналат. Эс алууңуз жагымдуу гана болбостон, ошондой эле коопсуз болуш үчүн, тоо лыжа жана чана тебүүчү жолдорду тандаганда, ойлонуу зарыл.
Тоо лыжасы жана сноуборд спорттун жаракат алуу тобокелдиги менен байланышкан экстремалдык спорттун түрү болуп эсептелет, ошону менен катар адамдын белгилүү бир физикалык даярдыгы болушу абзел. Тоо бооруна бараардан мурда, тоо лыжа базаларынын, комплекстеринин аймагында колдонулуп жаткан эрежелерди окуп чыгыңыз жана анда айтылган талаптарды жана сунуштарды так аткарууга аракет кылыңыз.
Лыжачы же сноубордчу кооптуулукту же багытты көрсөткөн, татаалдык деңгээлин көрсөткөн белгилерге көӊүл бөлүп, эске алышы керек.
1. Жаңы үйрөнчүктөр лыжа же сноуборд тебүүдө жүрүм-турум эрежелерин кылдаттык менен изилдеп чыгышы керек. Лыжа тебүүнү инструктордон баштоо сунушталат (лыжа тажрыйбасы бар же кесипкөй лыжачы).
2. Лыжа же сноуборд тебүү үчүн колдонулган шаймандардын абалы жакшы, ал эми лыжа же сноуборддун формасы бузулбаган, жаракасыз болушу керек.
3. Трассада аралыкты сактап, кагылышуу учурунда ар дайым өйдөдөн түшүп келе жаткан тарап күнөөлүү экендигин унутпоо керек.
4. Түшүүнүн негизги багытында, тоо боорунун жана трассалардын этектеринде токтобоо зарыл.
5. Жыгылып калган учурда, жолдон мүмкүн болушунча эртерээк четке чыгып, жолду бошотуу керек, эгерде тосмо болсо, тезирээк көрүнүүгө аракет кылыш керек.
6. Эгерде жаракат алсаңыз, анда өйдөлөтүүчү инструкторго же куткаруучуга окуя жөнүндө кабарлоо зарыл. Куткаруучулар келгенге чейин жаракат алган жерге тийбей, ал жердеги канды колдо бар каражаттар менен токтотуу чараларын көргөнүңүз оң.
7. Балдар лыжа же чана тебүү учурунда сөзсүз түрдө инструктордун же ата-энелердин, чоңдордун көзөмөлүндө болушу абзел. 12 жашка чейинки балдарга татаал (кесипкөй) тоо боорунда лыжа тебүүгө тыюу салынат.
Эгерде сиз тоо боорунан муз тебүүнү чечсеӊиз, анда төмөнкү жүрүм-турум эрежелерин сактаңыз:
1. Кар же муз тебүү үчүн өйдө чыгууда тепкич менен жабдылган жайдан гана чыгуу керек. Башкалар муз тээп түшүп келе жаткан аянтчадан чыгууга тыюу салынат.
2. Муз тээп түшкөндөн кийин, аянтчанын түбүндө кармалып калбаӊыз, мүмкүн болушунча эртерээк сойлоп же оодарылып кетиңиз.
3. Муз жолун чуркап кесип өтпөңүз.
4. Жаракат алуудан сактануу үчүн бутка туруп, же чалкалап жатып муз тебүүгө тыюу салынат.
5. Эгерде дөӊсөдө алдыӊыздан киши өтүп бара жатса, ал өткөнчө күтүп, андан кийин гана ылдый түшүңүз.
6. Бети тегиз эмес дөӊсөдөдөн муз тебүүдөн алыс болуңуз.
7. Тоңуп калуунун биринчи белгилери пайда болсо, же өзүңүздү начар сезсеңиз, анда дароо муз тебүүнү токтотуңуз.
Демек, 3 жашка чейинки балдар менен 7ден 10 жаштагы жана андан чоңураак балдар муз тебип жаткан жайга барбаганыӊыз оӊ. Эгерде, ал жай сизди тынчсыздандырса, адегенде өзүңүз дөӊсөдөн ылдый түшүп, байкап көрүңүз. Эгер балаӊыз буга чейин муз тебүүнү өздөштүрүп тээп жүрсө, анда ага көз салып туруңуз. Эң жакшысы, чоңдордун бири өйдөдөн карап турса, ылдый жактан бирөө балдарды тосуп алып, жолду бошотуп турууга жардам берген оӊ.
Урматтуу эс алуучулар, туристтер, дөӊсө жана татаал лыжа жолу жогорку кооптуулук жайы экендигин унутпаңыздар!

Оставить комментарий

EnglishKyrgyzRussian