+996312621861 info@tourism.gov.kg

2021-жылдын 18-февралында, Туризм департаменти Кыргыз-Түрк “Манас” университети жана Евразия бизнес клубу менен биргеликте, такси кызматында эмгектенген айдоочулар үчүн транспорт кызматын көрсөтүү сапатын жогорулатууга багытталган “Эл аралык адеп-ахлак ченемдери” деген темада семинар өткөрдү.

Бүгүн, 2021-жылдын 18-февралында, Туризм департаменти Кыргыз-Түрк “Манас” университети жана Евразия бизнес клубу менен биргеликте, такси кызматында эмгектенген айдоочулар үчүн транспорт кызматын көрсөтүү сапатын жогорулатууга багытталган “Эл аралык адеп-ахлак ченемдери” деген темада семинар өткөрдү.
Аталган семинар чет элдик туристтерге кызмат көрсөтүү, ошондой эле өлкөнүн имиджин жакшыртууга багытталган.
Туризм департаментинин директору С.Шатманов этикеттин эл аралык стандарттары боюнча семинардын ачылышына катышып, туризм өлкөнүн кирешелүү тармагы экендигин, туристтерге сапаттуу кызмат көрсөтүү транспорттук кызмат көрсөтүүдөн башталаарын белгиледи. Ошондой эле, ал жакынкы аралыкта көптөгөн туристтерди биздин өлкөгө келүүгө кызыктырган Кыргызстандын 3D панорамалык картасынын долбоору жөнүндө айтып берди.
Семинар Евразиялык бизнес клубунда ийгиликтүү өтүп, такси кызматында эмгектенген айдоочулар эл аралык этикеттин негизги ченемдерин угушту. Семинардын аягында катышуучуларга сертификаттар тапшырылмакчы.
Семинардын жыйынтыгында маршруттук таксилердин айдоочулары кызыктырган суроолорун беришип, тиешелүү жоопторун алышты.
____________________________
Сегодня, 18 февраля 2021 года Департамент туризма совместно c Кыргызско-Турецким университетом «Манас» и Евразийским бизнес клубом провел очередной семинар для водителей такси на тему: «Международные нормы этикета», направленный на повышение качества транспортного обслуживания иностранных туристов, также для повышения имиджа страны.
Директор Департамента туризма С. Шатманов принял участие в открытии семинара по международным стандартам этикета и отметил, что туризм является доходоприносящим сектором страны, предоставление качественного сервиса туристам начинается с предоставления транспортных услуг. Также, рассказал о проекте 3D панорамной карты Кыргызстан, который уже заинтересовал многих туристов посетить нашу страну в ближайшее время.
Семинар успешно прошел в Евразийском бизнес клубе, водители такси прослушали основные нормы международного этикета для водителя. По окончанию семинара участники получат сертификаты.
По итогам семинара водители маршрутных такси задали интересующиеся их вопрос, на которые получили соответствующие ответы.

Оставить комментарий

EnglishKyrgyzRussian