+996312621861 info@tourism.gov.kg

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында орун алган «Рух-Ордо»

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында орун алган «Рух-Ордо» маданий борборунда кезектеги эл аралык Ысык-Көл (ITF-2021) туристтик көргөзмө-жарманкеси КРнын Экономика жана финансы Министрлигине караштуу Туризм Департаментинин, КР Министрлер кабинетинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жана Кыргызстан Курорттор Ассоциациясынын уюштуруусу алкагында, ички жана эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен өткөрүлдү.
Иш-чаранын башкы максаты — Кыргызстандын туризм дараметин алдыга жылдыруу, туризм жаатын калыбына келтирүү, этно жана экотуризм өлкөсү катары таанытууну улантуу жана андан ары өнүктүрүү болду. Жарманкеге КРнын президенти С. Жапаров, КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары — экономика жана финансы министри У.Кармышаков, КР экономика жана финансы министринин орун басарлары С.Рысалиев, Э.Алишеров, Казакстан, Өзбекстан, Россия, Түркия, Венгрия, Индия, Швецария өлкөлөрүнүн элчилери жана өкүлдөрү, Бириккен улуттар уюмунун Кыргызстандагы өкүлү, Россия Федерациясынын Башкортостан, Свердловск жана Челябинск облустарынын тийиштүү мамлекеттик органдарынын атайын делегациялары, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри К.Олжобаев, БУУ Кыргызстандагы өкүлү Озонниа Ожиело, HELVETAS Swiss Intercooperation (HELVETAS Swiss Intercooperation) ассоциациянын Кыргызстандагы филиалынын директору Анна Элизабет Хелена де Беер, ПРООН, ACTED, GIZ өкүлдөрү, туризм жаатын өнүктүрүүгө колдоо көрсөткөн эл аралык уюмдардын жетекчилери жана өкүлдөрү, жүздөн ашуун туристтик бизнестин өкүлдөрү ж.б. кызыкдар тараптар катышышты.
Өлкө башчысы С.Жапаров расмий түрдө Ысык-Көл ITF-2021 эл аралык туристтик жарменкесин жана 2021-жылдын жайкы туристтик мезгилин ачты.
«Мамлекеттин негизги максаты – туристтик индустриядагы ишканалардын иштешине жагымдуу шарттарды түзүү. Заманбап мыйзамдарды жана ченемдик укуктук базаларды түзүп чыгуу, кооз жаратылышка бай болгон өлкөбүздү туристтер үчүн жагымдуу өлкөгө айландыруу болуп саналат», — деди мамлекет башчы.
Ал эми, Министрлер Кабинетинин торагасынын орун басары, экономика жана финансы министри У.Карымшаков өз сөзүндө КР экономикасын өнүктүрүү үчүн туризм маанилүү ролду аткара тургандыгын белгилеп, учурда туризм туура өнүгүү жолунда экендигин, өлкөнүн туризм тармагын калыбына келтирүү жана аны андан ары өнүктүрүү, ар кайсы өлкөлөрдүн туристтик бизнесинин ортосунда ишкердик байланыштарды түзүү, эс алуу жана ден-соолукту чыңдоо үчүн чет элдик жарандарды Кыргызстанга тартуу, маркетинг алкагында иш-аракеттерге көбүрөөк басым жасоо маанилүү экендигине токтолду. Ошону менен катар, туризмди өнүктүрүү үчүн Министрлер Кабинети тарабынан мындан ары да күч-аракеттер жумшала тургандыгын белгиледи жана иш-чараны даярдоо жана уюштуруу иштерин жөргүзгөн тараптарга, ата-мекендик жана эл аралык өнөктөштөргө терең ыраазычылык билдирди. Ошентип, алдыда туризм тармагын алдыга жылдыруу максатында аткарыла турган иш-аракеттер мол экендиги калетсиз.
Белгилей кетчү нерсе, КР Министрлер Кабинетинин Нарын,Жалал-Абад, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын, Бишкек шаарынын мэриясынын боз үйлөрү тигилип, аймактардын дарамети чагылдырылды, аймактардын түрдүү продукциялары жана туристтик продукттары сунушталды.
Көргөзмө-жарманкенин алкагында, «Кыргызстан – туризм өлкөсү» аттуу Форум уюштурулуп, кызыкдар тараптар туризм жаатындагы сунуштар жана маселелерди кенен талкуулашты. Ысык-Көл облусунда бул эл аралык туристтик көргөзмө-жарманке XXI жолу өткөрүлдү.
Туризм Департаменти Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Нарын, Жалал-Абад, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана Бишкек шаарынын мэриясына, ички жана эл аралык өнөктөштөргө чоӊ ыраазычылык билдирет.
и ещё 42
9 221
Охват (люди)
1 512
Взаимодействия
Продвигать публикацию
61
Комментарии: 6
Поделились: 26
Нравится

 

Комментировать
Поделиться

Оставить комментарий

EnglishKyrgyzRussian