+996312621861 info@tourism.gov.kg

2021-жылдын 24-мартында Туризм департаменти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчиси жана Баткен, Кадамжай, Лейлек райондорунун мамлекеттик администрацияларынын жетекчилеринин катышуусунда онлайн жолугушуу өткөрдү

2021-жылдын 24-мартында Туризм департаменти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчиси жана Баткен, Кадамжай, Лейлек райондорунун мамлекеттик администрацияларынын жетекчилеринин катышуусунда онлайн жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуу учурунда, катышуучулар тарабынан Туризм департментинин директору Шатманов Самат Бектуровичке Баткен облусундагы туризмдин негизги көйгөйлүү маселелерин айтып беришти.
Баткен районунун акиминин орун басары Кыдырова Кишимжан Абдыкадыровна, өз сөзүндө Айгүл гүлү өскөн Айгүл-Тоосуна келген туристтер үчүн тоонун чокусуна чейин тепкич орнотуу керек экендигин баса белгиледи.
Ошондой эле, Лейлек районунун акиминин орун басары Каримбердиева Максатай Мамытбековна, өз сөзүндө Лейлек токой чарбасынын аймагында жайгашкан 11 үйдөн турган комплексте жана “Алтын-Бешик” балдар эс алуу борборунда ремонт иштерин жүргүзүп, туризм тармагында колдонсо боло тургандыгын белгиледи.
Өз кезегинде Туризм департаментинин директору Шатманов Самат Бектурович автомобилдик жол боюна дааратканаларды салуу маселесин көтөрдү. Жол боюна даартаканаларды куруу үчүн жер тилке маселелерин чечүү үчүң инвесторлорду табууга, туризм жаатындагы көйгөйлүү маселелердин чечилишине Туризм департаменти өз мүмкүнчүлүгүнө жараша жардамдаша тургандыгын билдирди.

Оставить комментарий

EnglishKyrgyzRussian