+996312621861 info@tourism.gov.kg

XXI эл аралык Ысык-Көл ITF-2021 туристтик көргөзмө-жарманкени уюштурууга даярдык көрүү максатында Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы Рух-Ордо маданий борборунда Туризм Департаменти

XXI эл аралык Ысык-Көл ITF-2021 туристтик көргөзмө-жарманкени уюштурууга даярдык көрүү максатында Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы Рух-Ордо маданий борборунда Туризм Департаменти, Кыргызстан курорттор Ассоциациясы, Ысык-Көл райондук администрациясы, КР Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү, КР Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин өкүлдөрүнүн ж.б. тийиштүү тараптардын катышуусунда жолугушуу болуп өттү . Эскерте кетсек, аталган жарманкени өткөрүү 2021-ж. 15-майына мерчемделген. Тараптар иш-чарага мыкты даярдык көрүү алкагында бир топ маселелерди талкуулашты. Ошондой эле, Республикалык коронавируска каршы курошуу штабынан тийиштуу уруксат кагазы алынган. Ал эми, санитардык талаптардын аткарылышы, уюштуруучулар тарабынан камсыздалмакчы.

Оставить комментарий

EnglishKyrgyzRussian