2021-жылдын 18-февралында, Туризм департаменти Кыргыз-Түрк “Манас” университети жана Евразия бизнес клубу менен биргеликте, такси кызматында эмгектенген айдоочулар үчүн транспорт кызматын көрсөтүү сапатын жогорулатууга багытталган “Эл аралык адеп-ахлак ченемдери” деген темада семинар өткөрдү.
Бүгүн, 2021-жылдын 18-февралында, Туризм департаменти Кыргыз-Түрк “Манас” университети жана Евразия бизнес клубу менен биргеликте, такси кызматында эмгектенген айдоочулар үчүн транспорт кызматын көрсөтүү сапатын жогорулатууга багытталган “Эл аралык адеп-ахлак ченемдери” деген темада семинар өткөрдү. Аталган семинар чет элдик туристтерге кызмат көрсөтүү, ошондой эле өлкөнүн имиджин жакшыртууга багытталган.










