+996312621861 info@tourism.gov.kg

А. Жаманкулов белгилүү россиялык блогер Лариса Булина менен жолукту/А. Жаманкулов встретился с известным российским блогером Ларисой Булиной

2-февралда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов россиялык белгилүү блогер Лариса Булина менен жолукту.
Лариса Булина дүйнө кыдырып, барган мамлекеттердин өзгөчөлүктөрү, тарыхы, маданияты, жаратылышы тууралуу мыкты материалдарды “Турдур” ютуб каналы аркылуу жарыялап келет.
Жолугушууну жүрүшүндө Азамат Жаманкулов Кыргызстандын маданиятын жана жаратылышын таанытууда даярдап жаткан позитивдүү материалдарын кызыгуу менен көрөөрүн, ошондой эл ал контент Кыргызстанга болгон кызыгууну пайда кылып, өлкөбүздүн туризмин көтөрүүгө шарт түзөөрүн белгилеп, Министрликтин атынан “Ыраазычылык кат” тапшырды.
Эң позитивдүү Ютуб блогери катары таанылган Лариса Булина Кыргызстанды сүйүп калгандыгын белгилеп, Кыргызстандын кооз жаратылышын, маданиятын дагы көрсөтөм деген планы бар экенин белгилеп, кызматташуу тууралуу макулдашты.
Учурда Лариса Булинанын Ютуб каналында каналында 20дан ашык Кыргызстан тууралуу ар кандай тематикадагы позитивдүү материлдар жүктөлгөн. Алардын арасында “Көк бөрү” оюну, Кыргызстандын аймактары, өнөр адамдары жөнүндө бир катар материалдар бар.
Шилтемелер:
******
Министр культуры, информации, спорта и молодежной политики Кыргызской Республики Азамат Жаманкулов сегодня встретился с известным российским блогером Ларисой Булиной.
Лариса Булина путешествует по миру и публикует лучшие материалы об особенностях, истории, культуры и природе посещаемых стран на канале «Турдур».
В ходе встречи Азамат Жаманкулов отметил, что ему интересны позитивные материалы, подготовленные для популяризации культуры и природы Кыргызстана, и отметил, что содержание будет вызывать интерес к Кыргызстану и способствовать развитию туризма в стране, и вручил благодарственное письмо от имени Министерства.
Признанная самым позитивным ютуб-блогером, Лариса Булина сказала, что влюбилась в Кыргызстан и согласилась на сотрудничество, отметив, что планирует продемонстрировать красивую природу и культуру Кыргызстана.
В настоящее время на YouTube-канале Ларисы Булиной загружено более 20 позитивных материалов на различные темы о Кыргызстане. Среди них ряд материалов об игре «Көк бөрү», регионах Кыргызстана, художниках и народных умельцах.

Оставить комментарий

EnglishKyrgyzRussian