Бакыт Төрөбаев туроператорлор менен туризмди өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулады
Жолугушуунун жүрүшүндө туризм тармагын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери, анын ичинде туризм тармагынын стратегиясын иштеп чыгуу, коопсуздук маселелери, туризм тармагынын субъекттеринин реестрин түзүүнүн тартиби жана туристтер үчүн чакырууларды берүү механизми талкууланды. Бакыт Төрөбаев туризмди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине кызыкдар мамлекеттик органдар жана


