+996312621861 info@tourism.gov.kg

«Кыргыз Республикасынын аймактарында туризм секторун өнүктүрүү» боюнча бизнес форум өттү

14-майда Чолпон- Ата шаарында «Кыргыз Республикасынын аймактарында туризм тармагын өнүктүрүү» боюнча бизнес форум Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсаловдун катышуусунда өттү.
Анда өлкөдөгү жети дубандын айланасында туризмди өнүктүрүү боюнча долбоорлор, маданий мурастарды сактоо, экотуризмди туруктуу өнүктүрүү, Ысык- Көл облусундагы аба майдандарын өнүктүрүү, Кыргызстандын туризм дараметин ачып берүүдө артыкчылыктуу багыттары жана туризм тармагындагы сапатты эл аралык деңгээлге жеткирүү зарылдыгы талкууланды.
Форумдун жүрүшүнө Президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү, туристтик секторлордун өкүлдөрү, элчилер жана ишкерлер, туризм тармагына тиешелүү долбоорлордун жетекчилери катышты.

Оставить комментарий

EnglishKyrgyzRussian