+996312621861 info@tourism.gov.kg

Кыргызстанда 2022-2023-жылдын кышкы туристтик мезгилинин расмий ачылды

Расмий ачылыш аземи 17-декабрда “ЗиЛ” тоо лыжа базасында өттү. Аны Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Туризм департаменти ата мекендик жана эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте уюштурду.
Ачылышка Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Жогорку Кеңештин депутаты Исатбек кызы Аида, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министр Алтынбек Максутов, Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев ж.б. катышып, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Туризм департаменти менен тыгыз жана ийгиликтүү кызматташкан ата-мекендик жана эл аралык уюмдарга “Өзгөн мунарасы” статуеткасын тапшырышып, туризм тармагына өзгөчө салым кошкон инсандарга “Туризмдин мыкты кызматкери” төш белгиси жана Ардак грамоталары менен сыйлашты.
Министр Алтынбек Максутов алгы сөзүндө Кыргызстан тоолору жана тоо этектериндеги жаратылыш байлыгы, жумшак климаты менен дүйнөнүн төрт бурчунан миңдеген туристтерди өзүнө тартарын, акыркы кездери кыргыз тоолоруна чет элдик туристтер гана кызыкпастан, жергиликтүү лыжа сүйүүчүлөр дагы көбөйгөнүн кубануу менен айтып, туризм тармагы экономикага салым кошкондон тышкары, улуттун саламаттыгына салым кошорун жана чет элдиктер менен мамиле кылганга шарт түзөрүн белгилеп, бүгүнкү ачылыш менен куттуктады.
Ачылыш азем концерттик программа, түрдүү оюн-зоок, сынактар ага карата берилген байгелер

менен коштолуп, эс алуучуларды жана атайын ачылышка келген конокторду кубанычка бөлөдү.

Оставить комментарий

EnglishKyrgyzRussian