+996312621861 info@tourism.gov.kg

Эл аралык туристтик KARAKOL FAIR 2023 кышкы жарманкесинин 3-күнү

Эл аралык туристтик KARAKOL FAIR 2023 кышкы жарманкесинин 3-күнү, катышуучулардын саны кескин көбөйүүдө. Чет жакадан келген туристтер, ошондой эле, тоо-лыжа базасына барган ички жана сырткы эс алуучулар да, ал жактан түшкөндөн кийин бул иш-чарага келип катышууда. Шаар тургундары, коноктор, туристтердин арасында өздөрүнө керектүү продукцияларын сатып алып жаткандар да арбын.
Тарых издеринен да маанилүү маалыматтарды жайылтуу максатында Курманжан датка атындагы көчмөндөр цивилизациясынын борбору тарабынан көрсөтүлүп жаткан музей экспонаттары жана 1906-1909-жылдар аралыгында орусия армиясынын Генштабынын демилгеси менен кабыл алынган азия контингенти боюнча аскердик-илимий экспедициясынын жүрүшүндө кыргыз тарыхы үчүн зор роль ойноп, улуу тарых издеринен баа жеткис мурас калтырган ошол кездеги орус аскер кызматкери, Финляндиянын болочоктогу президенти Карл Густав Маннергеймдин сүрөттөрүнүн көчүрмөлөрү да тарыхка кызыккан бир да жаранды кайдыгер калтырбай, кызыгын ого бетер арттырууда.
Ошондой эле, 3-күндөн бери кечки 23кө чейин атайын даярдалган муз тебүү аянтчасы иштеп, болгону 50 сомго жылгаяк тебүү/ үйрөнүү мүмкүнчүлүгү жаралганы шаар тургундарын жана туристтерди кубантууда. Караколдо кышкысын 10го жакын муз тебүүчү аянттар пайда болот. Шаар тургундары, жаш жеткинчектер, ички жана сырткы туристтер үчүн бул жайлар эс алуучу жана көңүл ачуучу мыкты туристтик объекттерге айланат.
Ошентип, KARAKOL FAIR 2023 жарманкеси өткөрүлүп жаткан аянттар ар бир катышуучу үчүн кечкисин кадимки жомокко кабылгандай сезим калтырууда. Элдин маанайы жогору, бири бирине жасаган жылуу мамилеси кадимкидей байкалууда, бул албетте, мыкты көрүнүш.
Каракол туристтик шаары жылдан жылга туруктуу өнүгүү жолунда экендиги көз жаздымда, бул жагдай туризмди да туруктуу өнүктүрүүгө, анын тажрыйбасын өлкөнүн башка региондоруна да жайылтууга шарт түзөөрү бышык.

Оставить комментарий

EnglishKyrgyzRussian