+996312621861 info@tourism.gov.kg

Каракол шаарында эл аралык туристтик кышкы KARAKOL FAIR 2023 жарманкесинин 2-күнү кызуу өтүүдө. Ички жана сырткы туристтердин (катышуучулардын) саны арбын

Кыргыз Республикасында кышкы туризмди туруктуу өнүктүрүүгө багытталган туристтик көргөзмө жана кышкы туризмдин тарыхын баяндаган атайын сүрөт көргөзмөсү кышкы туризмди туруктуу өнүктүрүү боюнча швейцариялык долбоордун колдоосунда уюштурулду.
Мындан сырткары, швейцариялык Гринтур долбоорунун колдоосунда туруктуу туризмди өнүктүрүү максатында Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ош, Ысык-Көл облустарынан келген ууз чеберлердин жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын кол өнөрчүлүгү, башка туристтик азыктар жана продукциялар, жыгачтан жасалган идиш-аяктар, тиричилик буюмдары жана зер буюмдар, 6 айга чейин суу ичпей, уктоо режиминде болуу касиетине ээ исландиялык мох, самаркандек килемчелери, шырдактын түрлөрү, кыргыз шоколаддары, глинтвейн, кымыз, музей экспонаттары, колдо жасалган жыпар жыттуу табигый самындар, улуттук кийимдер жана башка продукциялар көрсөтүлүүдө.
Ошондой эле, бүгүн фуд-корт зонасында Ош дестинациясынын мүчөсү, белгилүү гид Л.Хасанова тарабынан Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында өстүрүлгөн кыргыз күрүчтөрүнүн тарыхы презентацияланып, алардын өзгөчө түрлөрүнөн 4 түрдүү палоо-шоу (пало-ош) уюштурулуп (өзгөн күрүчүнөн анар, эт жана сарымсак кошулган, араван күрүчүнөн жүзүм жалбырагына оролгон эт менен, эт кошулбаган вегетариандык жана 4-сү бий алма, эт кошулуп даярдалган баткен күрүчүнөн) очокто 4 казанда Каракол дестинациясынын мүчөлөрүнүн жардамы менен даярдалып, катышуучуларга таратылды.

Оставить комментарий

EnglishKyrgyzRussian