+996312621861 info@tourism.gov.kg

“Нарын облусунда туруктуу туризмди биргелешкен аракеттер менен өнүктүрүү” аттуу II туристтик форуму өтөт

2023-жылдын 19-январында КРнын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты КРнын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Туризм департаменти, Нарын туризм ассоциациясы, ата-мекендик, эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте Нарын шаарында “Нарын облусунда туруктуу туризмди биргелешкен аракеттер менен өнүктүрүү” аттуу II туристтик форум уюштуруп өткөрөт.

Улуу Жибек жолунда жайгашкан Нарын облусунун географиялык артыкчылыктары катары саналуучу жаратылыш климаты, ак мөңгүлүү тоолору, шар аккан суулары туризм тармагын өнүктүрүүгө жагымдуу шарт түзүп турат. Нарын облусунун туризм тармагын эл аралык деңгээлде өнүктүрүү үчүн да табыгый, тарыхый жана маданий жактан бийик дарамети бар.

Нарын облусунда өткөрүлүүчү туристтик форум мамлекеттик түзүмдөр, туристтик бизнес өкүлдөрү, инвесторлор, эл аралык өнөктөштөр, өнөктөш уюмдардын туризм багытында өз ара аракеттенүүсү үчүн жана туризм секторун өнүктүрүүнүн актуалдуу жолдорун талкуулоо, форумга катышкандардын тажрыйбасын угуу, учурдагы шарттарда секторду өнүктүрүү үчүн биргелешкен кадамдарды сунуштоо үчүн аянтча түзүп берет.

Форумдун негизги максаты – Нарын облусунда туризм тармагындагы мүмкүнчүлүктөрдү туура колдонуу, региондо туризмди туруктуу өнүктүрүү жолдорун издөө менен Нарын облусунун социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнө салым кошуу болуп саналат.

Регионалдык Форумга кош келиңиздер!

Оставить комментарий

EnglishKyrgyzRussian