+996312621861 info@tourism.gov.kg

КРнын туристтик бизнес өкүлдөрү Беларусь Республикасынын спорт жана туризм министрлигинин Туризм департаментинин директору И.Н. Воронович жолугушту

Беларусь Республикасынын спорт жана туризм министрлигинин Туризм департаментинин директору И.Н. Воронович Кыргыз Республикасынын туристтик ассоциацияларынын жана компанияларынын өкүлдөрү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Туризм департаментинин кызматкерлери менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар туризм тармагындагы эки тараптуу кызматташуу боюнча пикир алышты жана туризмди өнүктүрүү боюнча тажрыйба алмашуу туурасында сүйлөштү. Ошондой эле, Кыргыз Республикасында жана Беларуста өтүүчү эл аралык туристтик жарманкелерге катышуу, эки тараптуу байланыштарды түзүү маселелери талкууланды.
Мындан тышкары, И.Н. Воронович Беларустун туристтик дарамети, туризм чөйрөсүндөгү учурдагы кырдаал жана белгиленген пландар тууралуу маалымат менен бөлүштү. Жолугушууга катышкан Кыргыз туркомпанияларынын жана ассоциацияларынын өкүлдөрү жолугушууга активдүү катышып, өлкөнүн туризминдеги кырдаал боюнча маалымат алмашышты.
___
Состоялась встреча директора Департамента туризма Министерства спорта и туризма Республики Беларусь И.Н. Воронович с представителями кыргызских туристических ассоциаций и компаний, а также сотрудниками Департамента туризма при Министерстве культуры, информации, спорта и молодежной политики Кыргызской Республики.
На данной встрече стороны обменялись мнениями по двустороннему сотрудничеству в сфере туризма, в частности, обсуждались вопросы по обмену опытом в развитии туризма, участию на международных туристских выставках-ярмарках проводимых в Кыргызской Республике и Беларуси, установлению контактов между кыргызскими и белорусскими туристическими компаниями.
Кроме этого, И.Н. Воронович поделилась информацией о туристском потенциале Беларуси, о текущей ситуации в сфере туризма и о намеченных планах. Приглашенные на встречу представители кыргызских туркомпаний и ассоциаций, также активно принимали участие на встрече, и обменивались информацией по ситуации в туротрасли страны.

Оставить комментарий

EnglishKyrgyzRussian