+996312621861 info@tourism.gov.kg

Ат-Башы жана Ноокат райондорунун мисалында аймактарда туризмди өнүктүрүү боюнча тегерек стол өткөрүлдү/Состоялся круглой стол по развитию туризма в регионах на примере Ат-Башинского и Ноокатского районов

2023-жылдын 24-мартында «Plaza» мейманканасында Ат-Башы жана Ноокат райондорунун мисалында аймактарда туризмди өнүктүрүү боюнча тегерек стол өткөрүлдү.
Долбоор Эл аралык өнөктөштөр UKAID, ACTED тарабынан каржыланып, Өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашырылууда. Изилдөөлөр КАТО тарабынан Туризм департаменти менен биргеликте жүргүзүлгөн.
Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча КАТОнун аткаруучу директору Н. Сапаров баяндама жасап, аталган аймактарда туризмди өнүктүрүү жана башкаруу боюнча сунуштарын айтты.
Туризм департаментинин директорунун орун басары К.Кенжематова жогоруда аталган райондордун туристтик дараметин эске алуу менен туризм боюнча райондук кеңештерди түзүү, тажрыйба үйрөнүү үчүн Ысык-Көлдүн түштүк жээгине окутуу турларын өткөрүү маселелерин карап чыгууну, ошондой эле, жер-жерлерде туризмди туруктуу өнүктүрүү боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизүүнү, тармакты өнүктүрүүнүн жергиликтүү программаларын ишке ашырууга кызыкдар тараптарды жана райондук өнүктүрүү фонддорун тартууну сунуштады.
Мындан тышкары, К.Кенжематова туризмди туруктуу өнүктүрүүнүн, жоопкерчиликтүү туризмди илгерилетүүнүн, айлана-чөйрөнү сактоонун, райондордо кооперативдерди түзүүнүн (өнүгүүнүн кластердик ыкмасы) жана райондордун туристтик дараметин тийиштүү деңгээлде ачуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
Ошондой эле, ал КАТО менен бирге эл аралык өнөктөштөргө Ат-Башы, Кадамжай жана Ноокат райондорунда кластердик (кооперативдик) ыкманы колдонуу менен туризмди өнүктүрүүнүн региондук борборлорун түзүү долбоорлору боюнча сунуштар берилгенин кошумчалады.
Ноокат районунун акими Д. Иманалиев районду өнүктүрүүнүн учурдагы этабы, аткарылып жаткан иштер, пландар жана албетте райондун деңгээлинде туризмди өнүктүрүүнүн абалы жөнүндө айтып берди, ошондой эле туризмди өнүктүрүү боюнча аракеттерди райондук деңгээлде координациялоону сунуштады, анткени жер-жерлерде туризмде жергиликтүү ишкерлер жана башка кызыкдар тараптар үчүн тренингдерди өткөрүү боюнча колдоо керектигин белгиледи.
Ат-Башы районунун акиминин биринчи орун басары Ж.Жанталиева жергиликтүү деңгээлде туризмди өнүктүрүү жана жайылтуунун маанилүүлүгүн белгилеп, жайкы туристтик сезондун пландарына токтолду.
КЭУнун өкүлү э.и.к. Н. Расулова туризмди өнүктүрүү жана туризмдин жергиликтүү өкүлдөрүн окутуу боюнча тренингдерди өткөрүү боюнча кызматташууга даярдыгын билдирди.
Туризм өкүлдөрү, ошондой эле жергиликтүү туризмди өнүктүрүүгө жергиликтүү коомчулукту тартуунун маанилүүлүгүн, маркетинг жана туризмди интернетте жайылтуунун маанилүүлүгүн айтышты. Мындан ары, тараптар бул багыттагы иштерди улантууну макулдашышты.
_____
24 марта 2023 года в отеле «Plaza» состоялся круглой стол по развитию туризма в регионах на примере Ат-Башинского и Ноокатского районов. Проект финансируется международными партнерами UKAID, ACTED, реализовывается Институтом политики развития. Исследования проведены КАТО совместно с Департаментом туризма.
По итогам исследований исполнительный директор КАТО Н. Сапаров провел презентацию и озвучил рекомендации по развитию и управлению туризмом в этих районах.
Заместитель директора Департамент туризма К. Кенжематова, учитывая потенциал туризма вышеуказанных районов, предложила рассмотреть вопросы создания районных советов по туризму, проведения обучающих туров на южный берег Иссык-Куля для изучения опыта и попробовать также, запустить пилотный проект по развитию устойчивого развития туризма на местах, привлечь заинтересованные стороны и районные фонды развития к реализации местных программ развития отрасли.
Кроме того, К. Кенжематова отметила важность устойчивого развития туризма, продвижения ответственного туризма, сохранения окружающей среды, создания кооперативов в районах (кластерный подход развития) и раскрытия потенциала районов на должном уровне. Она также добавила, что совместно с КАТО международным партнерам были предложены предложения по проектам создания региональных центров развития туризма с использованием кластерного (кооперативного) подхода в Ат-Башинском, Кадамжайском и Ноокатском районах.
Аким Ноокатского района Д. Иманалиев рассказал о текущем этапе развития района, о проделываемой работе, о планах и конечно же, о состоянии развития туризма на уровне района, также предложил координировать усилия по развитию туризма на районном уровне, так как, на местах нужна поддержка по проведению тренингов для местных предпринимателей в туризме и других заинтересованных сторон.
Первый заместитель акима Ат-Башинского района Ж. Жанталиева отметила важность развития и продвижения туризма на местном уровне и рассказала о планах в летний сезон туризма.
Представитель КЭУ, к.э.н. Н. Расулова, обозначила готовность к сотрудничеству по проведению тренингов по обучению местных представителей туризма по вопросам развития туризма и введения бизнеса.
Представители туризма также высказались о важности вовлечения местного сообщества в развитие туризма на местах, маркетинга и продвижения туризма на интернет пространстве. Далее, стороны договорились продолжить работу в данном направлении.

Оставить комментарий

EnglishKyrgyzRussian